Биринчи май райондук милициясынын башчысы Айбек Жайлообаев деген неме “агаларына” таянып алып өз билгенин жасап жатат. Өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илип дегендей. Бул кишини ай деген ажо, кой деген кожо жок. Аталган милицияга нааразы болгон элдин арманы аттын башындай эле болду. Бул жерде иштеген милиция кызматкерлеринин адамдарга болгон “зөөкүр” мамилеси жүрөктү оорутат. “Милицейский беспредел” мына ушул жерде. Прокуратура органы көзөмөл жүргүзүп, шиши толгон оперлердин желин чыгарып коюшса жакшы болоор эле. Ал эми Жайлообаев болсо өйдө жактагы жетекчилерин теңине албай калганына көп болгон. Элге жакшы мамиле кыла албагандан кийин сыйы менен эле кетип калса болмок. Элдин назары жаман болот эмеспи
Булак: Ачык саясат
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ