Аргентинанын президенти Маурисио Макри футбол күйөрмандарына кошулуп, улуттук курама команданын оюнчусу Лионель Мессинин кетпөөсүн суранды. Бул тууралуу ал Твиттердеги баракчасына жазган.
Президент улуттук курама үчүн сыймыктанарын белгилеп, Мессини «дүйнөнүн эң мыкты оюнчусу» деп атады. Президент мындай пикирин Мессиге жеке өзү телефон аркылуу айтып, сынчыларга көңүл бурбоого үндөдү.
Атактуу футболчу Лионель Месси мындан ары Аргентина курамасы үчүн ойнобой турганын Америка Кубогу үчүн мелдештен кийин билдирген. Анда Аргентина Чилиге пенальтиде 4:2 эсебинде утулган. Бул оюнда кураманын капитаны Месси гол киргизе албай калган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ