Menu

Артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайын атып түшүрүү иш-чаралары

Бөлүшүү:

Бишкек-Ош унаа жолунда (132-137, 198-255 чак.) коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн, 2018-жылдын 15-мартынан 21-мартына чейин кар көчкү коркунучу бар аймактарда артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайын атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.

Ошого байланыштуу адамдардын өлүмүнө жол бербөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КРнын Жарандык коргонуунун мекемелер аралык комиссиясынын төрагасы–Премьер-министрдин 2018-жылдын 14-мартында №8 буйругу чыккан.

Жогорудагы иш-чараларды Бишкек-Ош унаа жолунун 132-137, 198-255-чакырымдарында жүргүзүү үчүн, КР ӨКМ ыкчам тобу жана КР КК ГШ артиллериялык эсеби тарабынан, 2018-жылдын 15-мартында саат 16:45тен 17:00гө чейин Бишкек-Ош унаа жолунун 132-чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу) 4 снаряд атышып, 3000м3 кар көчкү түшкөн. Саат 17:50ден саат 18:50гө чейин 135-чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу) 3 даана снаряд атышып, кар көчкү түшкөн жок. 133-чакырымында 11 снаряд атышып, 15000м3 кар көчкү түшкөн. Кар көчкүлөрдү атайлап атып түшүрүү иш-чаралары 2018-жылдын 16-март күнү улантылат.          Артилериялык эсеп Бишкек-Ош унаа жолунун 154-чакырымындагы ФАПта түнөккө калышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 + = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: