Menu

Азимбек Бекназаров, мурунку башкы прокурор: «Сүйүн Өмүрзаковго окшогон профессионал милиционерлер болбогондо, түштүктө эмне болуп кетерин эч кимибиз билбейт элек»

Бөлүшүү:

Акыркы күндөрү ИИМ министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаковго каршы көшөгөнүн артында жашырынып, ар кандай ушак-айың кептерди социалдык баракчалар аркылуу жарыя кылып жаткандар, анын кадыр-баркы өсүп жатканынан чочулап жатышканы айкын боло баштады. Алардын максаты Өмүрзаковду жаманатты кылып көрсөтүп, аны таасиринен ажыратуу болууда. Бирок, өз ишинин чыныгы профессионалына андай көчөдөгү ушак-айыңдар жармашпайт да. Биз күч түзүмдөрүн жакшы билген, Өмүрзаков кыйын кезде кандай иштерди аткарганын өз көзү менен көргөн аттуу-баштуу инсандарга “Сүйүн Өмүрзаков чыныгы профессионал кадрбы?” деген суроого жооп алып көрдүк.

— Сүйүн чыныгы милиционер. Өмүр бою милициянын нанын жеп келаткан профессионал. Кыргызстандын тарыхый оор күндөрүндө оор сыноолорго учураган. Баардык президенттердин доорлорунда милициялык милдетин татыктуу аткарып келди. Сырттан саясий партиялардын өкүлдөрүн же президенттин адамдарын ИИМдин башына коюп коюу катачылык болуп эсептелет. Күч түзүмдөрүнүн, укук коргоо органдарынын башында сөзсүз түрдө ошол тармакта өсүп чоңойгон, ысык-суугун билген профессионал болуш керек. Мен Сүйүн Өмүрзаковду ИИМ министри кылып дайындаса, ал тармакты жөн эле тартып кете турган адам деп эсептейм. Атамбаевдин тушунда стабилдүүлүктү орнотуу үчүн профессионал керек болгондуктан Сүйүн Өмүрзаковду Ошко алып барып, анын профессионал экенине ынанышпадыбы. Бүгүн ал жигитке ар кандай сөздөр айтылып калып жатканын байкап жүрөм. Бул болсо Сүйүн министр болуп калбаса экен деген көралбастык. Алардын максаты алдын-ала аны жаманатты кылып, жок кылмай кыргыз саясатында өнөкөткө айланып баратат. 2010-жылы Сүйүн Өмүрзаков абалды турукташтырууда чоң кызмат кылган. Ал кезде күч структурасына жооп берген Алмазбек Атамбаев түштүккө барбай коюп, анын милдетин мен аткарып жүрдүм да. Мен сот жана прокуратурага куратор болсом да, ошон үчүн мени күч структураларынын куратору болгон деп эсептешет. Ошол мезгилде Сүйүн Өмүрзаковго окшогон профессионал милиционерлер болбогондо, түштүктө эмне болуп кетерин эч кимибиз билбейт элек. Абал кыйын болчу. Убактылуу өкмөттү түштүк тааныган эмес. Түштүктө кош бийлик турган кезде Убактылуу бийликке жардам берип, мамлекеттин келечеги үчүн иштеген профессионал милиция кызматкерлери болгон. Анын башында Сүйүн Өмүрзаков турган. Азыр Сүйүн Өмүрзаков Ош обладминистрацияны басып алган деп айтып жүрүшөт. Обладминистрацияны басып алууда Сүйүн Өмүрзаковго уюштуруучу, аткаруучу деп кылмыш иши козголгон эмес. Өлкөбүздүн башына тарыхый, саясий кыйынчылыктар түшүп турганда М. Конгантиев, С. Өмүрзаковдор чыныгы профессионал милиция экендиктерин көрсөтө алды. М. Конгантиев Таласта эмне деген азаптарды тартканы менен өз позициясынан сынган жок. Аны эл ошон үчүн баалады, барктады. С. Өмүрзаков да 2010-жылы түштүктөгү кыйын кездерде сынбай, профессионал экенин көрсөткөн.

Даярдаган Темирлан Токтоболотов

Булак: Жаңы Ордо 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: