Menu

Күйөөсүн кызганган келин бир аялды өлтүрдү

Бөлүшүү:

15-февраль күнү саат 08:35те Бишкектеги Чыңгыз Айтматов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин подъездинен киши колдуу болуп көз жумган 35 жаштагы аялдын сөөгү табылган. Милициялар аялдын бычактан жаракат алганын аныкташкан. Анын жанында документтери жана телефону болгон эмес. Кийинчерээк анын өздүгү аныкталып, ал 1983-жылы туулган Айгерим аттуу Бишкек шаарынын тургуну экени белгилүү болгон. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, каза болгон Айгеримдин туугандары, достору жана тааныштары суракка алынган. Иликтөөнүн жүрүшүндө ал Самат ат­туу жаран менен 2014-жылы баш кошо турган болуп, бирок баш кошпой калышкан. Экөөнүн баш кошушуна Саматтын ата-энесинин каршылыгы себеп болгон. Анткени Айгерим Саматка чейин бир күйөөгө тийип чыккан. Кийинчерээк Самат Кыял аттуу кызга үйлөнүп, 2016-жылы кыздуу болгон. 2017-жылдын май айында Кыял күйөөсүнүн телефонунан социалдык түйүн аркылуу Айгерим менен жазышканын көргөн. Бул окуядан кийин Кыял менен Саматтын ортосундагы мамиле бузулуп, Кыял кызын алып кетип калган. Ошондой эле териштирүүнүн жүрүшүндө Айгерим Бакыт аттуу киши менен сүйлөшүп жүргөнү аныкталган. Анын досторунун айтымында, ал Бакыт менен социалдык түйүн аркылуу сүйлөшүп жүргөн. Кыялдын үйүн тинтүү учурунда, бычакталып көз жумган Айгеримдин телефон номуру жазылган барактар табылган. Ал Айгеримдин жүргөн жерин билип туруу үчүн социалдык түйүндө Бакыт аттуу адамдын атынан баракча ачкан. 14-февраль күнү Кыял Айгерим менен жолугуп, экөөнүн ортосунда уруш чыккан. Анын кесепетинен ал Айгеримге бычак сайып, окуя болгон жерден из жашырган. Козголгон кылмыш иштин алкагында 1988-жылы туулган шектүү кармалып, СИЗО -1 мекемесине 2 айга камакка алынганы белгилүү болду. Милициядан кабарлашкандай, шектүү күнөөсүн мойнуна алып, Айгеримди өлтүрүүнү пландабаганын билдирген.

Булак: Фабула 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: