Menu

Руслан Акматов интрига, аткезчилик менен алекпи?

Бөлүшүү:

Кыргызстанга контрабандалык жол менен ири дарылардын топтому кирип жатканы байма-бай айтылууда. Дары дармек департаменти көрмөксөн, билмексен. Жетекчисинин кесиби бухгалтер болгондуктан эч нерсе түшүнө албай жатат дейли десек, көптөн бери иштеген орун басары Руслан Акматовду кайсы кара теке сүздү экен? Препараттардын көзөмөлсүз, көрүнгөн жерде сатылып, калктын саламаттыгына доо кетип жатканына кылы кыйшайбаганы өкүндүрөт. Мындан улам, Акматов аткезчиликти колдоп, алардын изин жашырып жүрөбү деген суроо жаралат. Болбосо, тартип болот эле го. Кызыгы, эл анын «ФС-1» препаратына уруксат бергендердин ана башында экендигин унута элек. Аталган шектүү дары кургак учук менен ооруган адамдарга колдонулган. Мындан эки адам көз жуумп, ондон ашык кишинин ден соолугу ого бетер начарлап кеткендигин тиешелүү органдар аныктап, тактап чыгышкан. Бул чуулгандуу окуя Акматовго сабак болушу керек болчу. Тилекке каршы, дагы деле аткезчилик күчөп, эл эмне деген дары ичип жаткандыгы белгисиз. Акматов болсо фармкомпанияларды жүдөтүп, «жетекчиге берилет» деген таризде алардан каражат чогултуп, накта бухгалтер болуп алды деген сөздөр айтылып жатат. Андыктан өлкө жетекчилери, башкы прокуратура интрига менен алек болгон Акматовдун эмне иш менен алек экендигине кылдат көз салуулары зарыл.

Булак: “Фабула” 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 + = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: