Menu

Америкадагы Аскарбек Шадиевдин Лейлектеги апасына катталган кампадан өрт чыккан

Бөлүшүү:

Бүгүн, 9-июлда белгилүү болгондой 4-июлдун кечинде саат 20.30.да Баткен облусунун Лейлек районунун Жаштык айылында жарылып, күйүп кеткен автоунаага май куюучу станциядагы өрт алгач жанаша жайгашкан кампадан чыгып, анан станцияга өткөн. Бул тууралу Лейлек райондук милициясы бүгүн билдирүү таратты.

Ал өрттөн улам май куюучу станция жарылып, толугу менен күйүп, 4 адам жаракат алышып, ооруканага түшүшкөн. Алардын бири кыргыз жараны болсо, үчөөсү тажик жарандары болгон. Андан тышкары бир нече жүк жана жүргүнчү ташуучу автоунаалар күйүп кеткен.

Алгач өрт чыккан кампа КР Жогорку Кеңешинин депутаты Аскарбек Шадиевдин апасы – Айсана Шадиевага катталган жана ал жерде ар түрдүү элге керектелүүчү товарлар сакталган.

Өрттөнүп кеткен май куюучу станция кыргыз-тажик чек арасына жайгашкан жана бул жерде аткезчилик чек ара соодасы кызуу жүрөрү көптөн бери айтылып келген. Ошол эле күйгөн станциянын катарында дагы 10дон ашык май куюучу бекеттер жайгашып, тажик тарап кыргызстандан орусиялык арзан бензин куюп кетип турушкан аймак.

Баса, депутат Аскарбек Шадиев да Америкага качарда ушул жерден чек араны кесип өтүп, Тажикстандын Кожент шаарынанан Москвага, андан ары Нью-Йоркко учканы белгилүү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: