Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 3-июлда, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинди Россия Федерациясынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча добуш берүүнүн ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады.

Тараптар ошондой эле эки тараптуу кызыкчылыктарды камтыган кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Сооронбай Жээнбеков ошону менен катар Владимир Путинге коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүдө көрсөткөн гуманитардык жардам үчүн ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин, 2020-жылдын 1-июлунда Россия Президенти Владимир Путинге Россия Федерациясынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча добуш берүүнүн ийгиликтүү өтүшүнө карата куттуктоо телеграммасы жөнөтүлгөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 28 = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: