Menu

Сүйүн Өмүрзаков өз милдеттерин абийирдүүлүк менен аткарып келе жатат

Бөлүшүү:

Акыркы кездерде массалык маалымат каражаттарынын беттеринен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаковдун дарегине карата такталбаган жеке аброюна жана ээлеген кызматынын дарегине шек келтирген маалыматтар токтобой жатат.

Мен Ички иштер органдарынын ардагери жана да жогорку муундун өкүлү катары өз оюмду билдирип коюну чечтим. Менин баамымда Сүйүн Өмүрзаковго карата 2012-жылдан бери карай такталбаган анан да бир эле мазмундагы маалымат массалык маалымат каражатынын бетинен түшпөй койду. Ош аэропортунда көп суммадагы акча тонолгондо да Сүйүн Өмүрзаковду күнөөлөшүп жазышкан. Чындыгында тергөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй тоноого катышы барлар такыр башка адамдар болуп чыгышкан. Азыр да генералдын дарегине  такаталбаган маалыматтарды жазып жатышат. Мен бул инсанды жакындан билген кесиптеши анан да насаатчысы катары айтаарым Сүйүн Өмүрзаков өз кесибинин мыктысы катары алгач жаңы кызматка келгенден эле байкалып, кылмышкерлерди издөө бөлүмүнө алынган. Ошондон бери канчалаган уюшулган кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюп, мыйзамсыз баңги заты менен алектенишкен топторду темир тор артына олтургузган. 2002-2005-жылдар мезгилинде баңги затын колдонушуп ашыкча дозадан канчалаган жаш балдар ажал табышкан. Бул фактыларга өзү күбө болуп, кылмыштардын бетин ачкан Сүйүн Өмүрзаков жаштарды сергек жашоого үндөө замандын талабы экенин түшүнүп, жаштарды спортко тарта баштаган. Өзү демөөрчүлөрдү таап спорттук клуб уюштурган. Канчалаган жаш балдар терс адаттардан арылып спорт менен достошуп, андан тарбияланган балдар укук коргоо органдарынын катарына киришип, кылмыштуулук менен күрөшүп жатышат. Ондогон спорттун чеберлери эл аралык мелдештердин чемпиондору болушту. Сүйүн Өмүрзаков кайсыл жерге барып жетекчилик кылбасын ошол жерде иш талаптагыдай жүрүп, эл менен милициянын кызматташуусу жакшыра баштаган. Кылмыштын бетинин ачылышы жогорулаган. Ошондуктан да Сүйүн Өмүрзаковду жогорку кызматка элдин сунушу менен дайындап келген. Кандай гана бийлик болбосун ийининде погон тагынган аскер адамы катары өз милдеттерин абийирдүүлүк менен аткарып келди жана келе жатат. Жалпы массалык маалымдоо каражаттарына кайрылаарым: Мамлекеттин жүгүн аркалаган инсандар жөнүндө келип түшкөн маалыматтарды кылдат журналисттик иликтөө жүргүзүп, эгер айтылган фактылар далилденсе коомчулукка маалымдап, ошол эле учурда көзөмөл органдарына өткөрүп берүү керек. Эгерде ал маалыматтар такталбаса жалган маалыматты бергендерди ашкерелеп, аларга карата мыйзам чегинде чара көрүү үчүн алардын үстүнөн көзөмөл органдарына журналисттик иликтөөнүн материалдарын жиберүү керек. Ошондо гана биз таза коомду курууга жетишебиз. Андай кылбасак эл үчүн ак иштеген инсандарыбызды карасанатай топтордун ушагы менен туура эмес пикир жаратып, моралдык зыян келтирип, ден соолугуна жана аброюна өтө чоң залака тийгизип алабыз. Ошондуктан жөнү жок каралоону токтотууга чакырат элем.

Маматибраим Самиев, КРдин ИИМнин ардагери Кыргызстан журналисттер союзунун мүчөсү,милициянын отставкадагы полковниги. Ош шаарынын жашоочусу.

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: