Menu

Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбековду Нооруз майрамы менен куттуктады

Бөлүшүү:

Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын ПрезидентиСооронбай Жээнбековду Нооруз майрамы менен куттуктады.

“Сизди жана Сиздин өлкөңүздү  жазгы күн менен түндүн теңелишинин жана жаратылыштын ойгонушунун байыркы майрамы – эл аралык Навруз  менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Чыгыштын эң сүйүктүү жана кеңири тараган майрамдарынын бири Навруз бийик гуманисттик дөөлөттөрү жана салттары – эмгекчилдиги, жаратмандыгы, ак ниеттиги, келечекке жана жашоого умтулуусу  менен  жалпы адамзаттын салабат өнүгүшүнө маанилүү милдет өтөйт.

Өлкөлөрүбүздүн достук жана өз ара пайдалуу кызматташуу  мамилелери Навруздун  жандуу идеяларына шыктануу менен мындан ары дагы ырааттуу өнүгөт деп ишенем”, -деп белгиленет куттуктоо телеграммада.

Тажикистандын Президенти Эмомали Рахмон Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбековго жана Кыргызстандын дос элине тынчтык, бейпилдик, бакубатчылык, бак-таалай жана гүлдөп өнүгүү каалады.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 25 = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: