Алыста жүргөн жарандарыбыз тууралуу дагы бир оор окуяга кабыргабыз кайышып турат. Маркум окуя болгон күнү жумушунан чыгып, үйүнө кетип жатканда шектүү ага жеткирүү үсунушун айткан. Бирок кыз макул болгон эмес. Мындан улам кызды күч колдонуп унаага салып кеткен…Учурда шектүүнүн иши сотко өтүп, камакка алынды. Кармалган жаран Деңизли аймагындагы Каршыяка районунда касапканада иштеген. Эске салсак, кыздын жансыз денеси 19-мартта эртең менен саат 9:40тар чамасында Памуккале районундагы унаа жолунан табылган. Ал 1992-жылы туулган кыргыз кызы Ж.Ы. болгон. Учурда бул боюнча Деңизли прокуратурасы кылмыш ишин козгоду. Ал эми ТИМ алган маалыматтарга ылайык, учурда кыздын сөөгү Памуккале университетинин ооруканасынын өлүкканасында. Укук коргоо органдары отуздай видеокамераларды карап, кишилерди сураган. Окуя камерага түшүп калып, анын негизинде шектүү кармалган.
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ