Menu

ТЭЦтеги коррупция – президент Жээнбековдун эркин сынайбы?

Бөлүшүү:

Элибиз “кыңыр иш кырк жылда билинет” деп таамай айткан. Башкача айтканда, кандай жашыруун, сырдуу иш болсун эртедир-кечтир билинет. Чындыкты канчалык сууга чөктүрөйүн десең да, баары бир сары майдай калкып чыгат. Ошентсе да бирок деген маселе бар… Дегеним, иттин өлүгү жыттанган былыктуу иштер билинген менен жоопкерчилик тартчулар суудан кургак чыгып кеткен жагдайлар көп. Буга далил катары келтирчү фактылар арбын. Алыс барбай эле, модернизация кылганга 386 миллион доллар сарпталганына карабай аварияга учураган ТЭЦти мисалга тартсак жетиштүү болот. Арийне, түкүрүк жерге түшпөгөн кыштын чилдесинде ТЭЦте авария болуп, шаар тургундары жылуулук жок суукка кайыгып тоңбогондо, биздин алкымы чоң коррупционер жетекчилердин жеген-ичкени билинбей, жабылуу аяк жабылуу бойдон калмак экен… Бул да болсо коррупционерлерди жазалап, колу менен жасагандарын мойну менен тарттырууга мезгил келгенин билгизген Кудайдын сырыдыр…

Учурда Жогорку Кеңештин депутаттарынан түзүлгөн комиссия ТЭЦтеги авариянын себептерин жана 386 миллион доллар эмнеге коротулганын иликтеп, аягына чыкканы калды. Комиссиянын ар бир отуруму сайын улам бир жаңы жагдайлар билинип, эбегейсиз жемкорлуктун сыры ачылууда. Модернизацияга катышкандардын дээрлик бардыгынын куйругунда калбыры бар экени ачыкка чыгууда. ТЭЦтеги кырсыктын себептерин, андагы жемкорлукту модернизация кылганга катышкан жетекчи чиновниктер канчалык жаап-жашыруу аракетин көрүшүп, конкреттүү суроолорго так жооп беришпей, «бээ жөнүндө сөз болуп жатса, төө жөнүндө айтышып» жоопкерчиликтен буйтап кетүүгө далалат кылышканы менен, “шибегени капка ката албагандай” оркойгон фактылар калкып чыгууда.

600 долларлык «акылдуу алтын аттиш», 1 млн. 800 миң долларлык «алтын видеокамера»
Жылуулук электр борборун жаңылоодо алынган айрым аспаптар да өз баасынан бир нече эсе кымбатка сатылып алынганын Бишкек ЖЭБдин мурдагы директору, авариядан кийин мыйзамсыз түрдө кызматынан четтетилген Нурлан Өмүркул уулу ачык айтып чыкты. Маселен, бир эле 150 сомдук аттиштин баасы 600 доллар (41 миң сом) деп көрсөтүлгөн. «Электр станциялары» ишканасы бул маалыматын четке каккан жок. Муну уккан эл, ТЭЦтеги жумуштарды өздөрү эле аткара берген алтындан жалатылган «акылдуу аттиштерди» алышкан тура дешип аргасыздан мыскылга алышты.

Ошондой эле Бишкек ЖЭБине 128 видеокамера орнотуш үчүн 1,8 млн. доллар сарпталган. Бир камеранын баасы, 14 500 доллардан айланган. Бирок Бишкек жылуулук борборуна коюлган байкоочу камералардын баасы тууралуу жаңылыш маалымат тарап жатат деген «Электр станциялар» турган фактыны кызылдай танып: «Бир даана видеокамеранын баасы 14 500 доллар деген туура эмес. Чыгымдардын тизмесинин 6.2 пунктунда «видео байкоо» 1 млн. 738 миң 503 доллар деп жазылган. 1 млн. 94 миң, 951 доллар «Видеобайкоого» пайдаланылчу жалпы жабдыктын баасы. ТВЕА 12.12.17 датада көргөзгөн баага ылайык 128 видеокамера 38 400 долларга келген. Ошондо ар бир камера 300 доллардан айланат» – деп маалымат таратты. Ырас, 128 видеокамера 38 400 долларга келген болсо, өздөрү айткан баа менен алганда монтажы менен шнур-проводдорго 1млн. 56 миң 500 доллар кеткен болот. Буга ким ишенет? Бул бир. Экинчиси, ошондо (1млн. 738 миң 503 – 1млн. 94 миң 951 алганда) ары жакта калган 638 миң долларды эч нерсе кылбай кимдер бөлүшүп алды?.. Жооп жок. «Уурусу күч болсо ээси доого жыгылат» дегендей, «Электр станциялар» ишканасынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров: «Проекттин баасы дүңүнөн бычылганын, ички аткарылчу жумуштун негизинде чыгым ашыкча коросо же пайда көрсө, жоопкерчилик ошол проектти ишке ашыргандардын мойнунда болот. Камералар миң градустук ысык температурага чыдамдуу, жогорку сапатта атайын жасалган. Бул баалар, Канада, Америка, Европа өлкөлөрү менен салыштырып алганда ортодон төмөн баа, КМШ өлкөлөрүндө биздикинен 30-40 процент кымбат турат. Биздики арзан» – деп оозду-мурду кыйшайбай жооп берип жатат…

Минтип депутаттык комиссия менен коомчулуктун көзүн боёп жаткандардын калпын депутаттык комиссиянын мүчөсү «Республика – Ата-Журт» фракциясынын депутаты Акылбек Жамангулов кашкайган чындыкты далил келтирип жокко чыгарды. Депутат атайын барып Жылуулук борборуна орнотулган камераларды көргөнүн маалымдап: «Электр станциялар» ААКнын өкүлү Жылуулук борборуна коюлган байкоочу камералар дүйнөлүк стандартка жооп берет деген. Мен ТЭЦке барып, өз көзүм менен көрдүм. ТЭЦтин жетекчилиги жана TBEAнын өкүлдөрү менен кыдырып чыктык. 123 даана видеокамера жана бир сервер коюлуптур. 8 камера казандардын жана мештин үстүнө коюлчу атайын камералар экен. Калгандары кадимкидей эле видеокамералар. ТЭЦ жетекчилигинин атайын камералар дегени мени ынандырган жок. Кадимки күнүмдүк турмушта колдонуп жүргөн эле видеокамералар», — деп сүрөттөрү менен кошо жарыялады.

ТЭЦке орнотулган деген, депутат тартып алган сүрөттөгү видеокамералардын баасын интернеттен издесек, HikVision Turbo HD DS-2CE16D0T-IT3 2.8мм 2MP маркасындагы видеокамера болгону 1790 сом турса, HiWatch DS-T101 маркасындагы байкоочу видеокамера 650 сомдон экен. HIKVISION DS-2DE4215IW-DE маркасы 17 190 сом турат экен. Башкалардан чындыгында кымбатыраак экен. Ошондо 14 500 доллар же 986 000 сомго канча камера алса болоору айтпаса да түшүнүктүү болуп турбайбы? Айткандай, барабандын жана мештин үстүнө коюлган 8 видеокамера интернетте табылган жок. Сыягы, чындап эле атайын чыгарылса керек. Бирок ошондо 8 камеранын наркы орой айтканда 1 млн. 700 миң долларды чапчып жатпайбы? Ким ишенет?

ТЭЦ иштебей калса да иштей берген «акылдуу трансформаторлор»
Кыскасы, 600 долларлык «акылдуу аттиш» менен 1 млн. 800 миң долларлык «акылдуу видеокамеранын» жомогу бүтө электе, баасы 1 млн. 300 миң доллар турган трансформатордун чуусу чубалды. Тактап айтканда, ЖЭБди модернизациялоонун негизинде 9 миллион долларга кубаттуулугу 250 МВА эки трансформатор коюлган. Бир трансформатордун баасы 4 миллион 500 миң долларга айланган. Эки трансформатордун чыныгы баасы 1 миллион 300 миң доллардын тегереги тураарын, монтаждоо иштерин кошуп эсептегенде 2 миллион долларга барышы мүмкүн экенин адистер айтышууда. Бирок ЖЭБге коюлган эки трансформаторду 9 миллион доллар деп кириштешкен. Буга далил катары, 2017-жылы Токтогул ГЭСине кубаттуулугу 425 МВА болгон жаңы трансформатор бардык комплекти менен 2 миллион долларга алынып келингенин мисалга тартсак жарашат. Дегенибиз, Токтогул ГЭСке кубаттуулугу 425 МВА трансформатор 2 миллион долларга алынып жатса, 250 МВА трансформатор 4 миллион 500 миң доллар турат деген кимдин түшүнө кирет?.. Кыязы, бул трансформаторлор ТЭЦ аварияга учурап иштебей калса деле өз алдынча иштей берген «акылдуу трансформаторлор» окшобойбу?..
Айтор колдору туткак, кекиртеги кернейдей алкы бузуктар модернизацияга кеткен 386 млн. доллар чыгымдын ордун толтуруу үчүн «казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса» дегендей, ойлоруна келген бааны кошуп урдура беришкен. Бул да болсо ТЭЦтин модернизациясы эч кандай техникалык-экономикалык негиздемеси, долбоору жок салынгандын кесепетинен чыгып отурат. Эрежеден тышкары жүргүзүлгөн иштен улам мамлекетти талап-тоногон, элдин жонунан кайыш тилген ашынган коррупцияга жол берилген.

150 млн. долларлык долбоор кантип 386 млн. долларга айланган?
Негизи ТЭЦти модернизациялоо боюнча сөз козголуп, алгачкы кадамдар ташталганда эле долбоордун максаты жеп-ичүүгө ыңгайлаштырылып, ниети бузук жетекчилер «балык башынан сасыйт болуп» «ээрге кыйшык отурушкан» экен. Мына “Бир Бол” фракциясынын депутаты, комиссиянын мүчөсү Мыктыбек Абдылдаев: “TBEA менен түзүлгөн келишим 2013-жылдын 11-декабрында ратификация болгон. Стратегия болсо 2013-жылдын 18-декабрында бекиген. Ошондо ЖЭБди жаңылаш үчүн стратегияда «150 млн. доллар», ратификация боюнча «386 млн. доллар» деп эки сан жүрөт. Стратегияны болсо президент менен парламент бекиткен. Муну кантип түшүнсөк болот?» – деген суроону ТЭЦтеги авария иликтенип баштаганда эле кабыргасынан коюп, өлкөнү 2017-жылга чейин туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук стратегияда Бишкек ЖЭБин жаңылоого 150 млн. доллар сарпталат деп көрсөтүлгөнүн, анан «386 млн. доллар кайдан чыкты деген маселени көтөргөн. Бирок бүгүнкү күнгө чейин жооп жок.

Ал эми “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын өкүлү, депутаттык комиссиянын мүчөсү Исхак Масалиев ЖЭБди жаңылоо боюнча эл аралык макулдашуу Жогорку Кеңеште ратификацияланып, кыргыз өкмөтү 386 млн. доллар акчаны Кытайдын “Эксимбанкынан” алгандан кийин жарым жылдан соң долбоордун техника-экономикалык негиздемеси даярдалганын айтып чыкты. Башкача айтканда, 2013-жылы декабрда ЖЭБди модернизациялоо боюнча макулдашуу ар кандай жолдор менен ратификациядан өткөн. Бирок 2014-жылдын 1-июнунда, жарым жылдан кийин гана долбоорлоо иштери башталган. Ал эми Мамлекеттик архитектура агенттиги 16-июнда гана техникалык-экономикалык негиздемени бекиткен.

ТЭНи жок (техникалык-экономикалык негиздемеси) долбоорду өткөрүү үчүн ошол кездеги энергетика министри, учурда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Осмонбек Артыкбаев катуу жандалбастаган. Эч кандай конкурс жана мониторинг кылбастан, кытайлык ТВЕА компаниясын ар түрдүү жолдор менен чуркап жүрүп, каршылыктарга карабастан парламенттен өткөргөн. Натыйжада ТВЕА тендерсиз эле тандалып алынган. Ошол кездеги Жогорку Кеңештин бир топ депутаттары Кытайга ТВЕА компаниясынын эсебинен эс алып келишкен. Бул маселеге депутаттык комиссия «карганын көзүн карга чокубайт» болуп, эмнегедир маани бербей жатат…

Салайдин Авазовдун апыртмасы
«Электр станциялар» ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазов айтмакчы, заманбап жаңылоодон өтүп, 30 градустук суукка чыдабай кыйроого учураган ТЭЦ эң арзан баада ийгиликтүү модернизация болуптур. Анын логикасын ээрчисек, ийгиликтүү бүткөн ишти көрө албаган коомчулук, депутаттар жөн эле чуу жаратып жатыптыр. Авазовдун айтымында, тагыраак айтканда эсептөөлөрү боюнча биздин ТЭЦти жаңылоодо 1 киловатт электр энергиясы 1287 доллардан айланыптыр. Тажикстан 350 млн. долларга ТЭЦ курду деген жалган экен. Аларда 1 киловатт 1322 доллардан айланып, 528 миллион 900 миңди түзүптүр. Санкт-Петербург политехникалык университетинде жасалган эксперттик анализ боюнча, Жылуулук станцияларды курууга кеткен чыгым 1 киловатт электр энергиясын иштеп чыгууга 1400-2000 доллар деп эсептелген, «Руссгидронун» эсеби боюнча 1600-2300 доллар болгон. Хабаровский ТЭЦ 1 киловатты 1671 доллардан, Өзбекстанда Фергана ТЭЦи жаңыланып, 1 киловатт электр энергиясын алуу 1449 доллардан айланган. Ошондо биздин ТЭЦке жумшалган 386 миллион доллар ортодон дагы арзан баага турган. Сыягы, мен мисалга тарткан фактыларды ким текшерип, териштирип отурмак эле деди окшойт.

Бирок мындай амалы дагы суу кечпей калды. Депутаттык комиссиянын мүчөсү, «Республика – Ата-Журт» фракциясынын депутаты Акылбек Жамангулов: «Коомчулуктун башын айландырбагыла. Мына сиз дүйнө жүзү боюнча арзан баада жаңыладык дедиңиз. Сиз айткан Ферганадагы ТЭЦти 2017-жылы Япониянын «Кавасаки» деген компаниясы модернизация кылган. Техникалык параметрлери бонча 305 мегаватт кубаттуулукта электр энергиясын өндүрүп чыгарат. Баасы 132 миллион доллар болгон», – деп Салайдин Авазовдун калпын ашкерелеп салды.

Кытайлыктарды таарынтып алуу чекилик болот
Айткандай, ТВЕАны канатына калкалап коргогон Артыкбаев учурда: “ТВЕА компаниясы долбоорду арзан куруп берсек, үстүнө кошумча дагы 20 млн. доллар техникалык грант берсек кайра бизди күнөөлөп жатышканы эмнеси” деп таң калып, таарынып жатышат. Кечирип койгула, алар жардам бербегенде мындан да абал кыйын болмок. Аларга тескерисинче, ырахмат айтышыбыз керек” – деп, дале болсо бет тырмаарлык кылып оозун куу чөп менен аарчып, кытайлыктарды таарынтып алуу чекилик болоорун айтып догун артып жатат. Анын айтымында, кытайлык ТВЕА компаниясынын ээси абдан бай киши жана комунисттик партиянын мүчөсү экен. Ал ошол кездеги кыргыз өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиевдин суранычын четке кага албай, ТЭЦти башка компаниялардан арзан модернизация кылууга жана техникалык грант түрүндө жардам берүүгө макул болгон экен. Ал эми ТВЕАны таап келген «кадыры калың» ошол кездеги өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев бир айдан бери Бишкек ТЭЦинин авариясын иликтеп жаткан депутаттык комиссиянын суроолоруна жооп бербей, тоготпой жүрөт. Ал түгүл ТВЕА менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы кол койгон келишимде эч кандай коррупция жок экенин билдирип, билгениңерди кылып алгыла деген түр көрсөттү. «Ата Мекен» фракциясынын депутаты, депутаттык комиссиянын мүчөсү Сайдулла Нышанов Жантөрөнү күчтөп болсо да жыйынга алып келип жооп алыш керектигин айтып каңырык түтөттү.

Оңду-солду чачылган каражаттар…
Азыркы кезде ТЭЦтеги жеп-ичилген каражаттардын суммасы болуп көрбөгөндөй деңгээлде экенин депутаттык комиссиянын иликтөөлөрү көрсөтүп жатат. ТВЕА компаниясы биздин алкы бузук аткаминерлер менен биргелешип алып, акчаны оңду-солу каалагандай чачкан. Буга чейин өзүнчө эле жомокко айлантып, Бишкектин Калыс-Ордо конушуна ТВЕА компаниясы ТЭЦтин аркасы менен бекер мектеп салып берди деп добулбас уруп жатышкан иште дагы мандемдүү, шектүү жагдайлар бар экени билинди. Көрсө ТВЕА мектепти толугу менен бүтүрүп бербептир. Бишкек шаардык мэриясы жергиликтүү бюджеттен 104 миллион 395 миң сом бөлүп, буга кытайлыктар берген 2 млн. доллар кошулуп, ошону менен араң мектеп курулуптур. Мектеп курулуп бүткөнчө «Альто Групп», «Глав Строй», «Айкөл курулуш» компаниялары болуп үч курулуш компаниясы алмашкан. Бул мектептин курулушуна кытайлык TBEА компаниясы баш-аягы 2 миллион доллар бөлүп берген. Бишкек мэриясы бөлгөн каражатты кошкондо, мектеп курулушу кымбатка түшкөн. Башкы прокуратура мамлекет тарткан чыгым 91 миллион сомдон ашканын билдирип, кылмыш ишин козгогон. Айтор, кайсы жакты караба, акчага чалынган кылмыштуу иштердин учу үзүлбөйт. Бир сөз менен айтканда, ЖЭБ техника-экономикалык негиздемеси проектти жок салынгандыктан 386 миллион долларга сумманы чыгаруу үчүн бааларды асмандатып жаза беришкен.

Айтмакчы, ийгиликтүү жаңыланган ТЭЦте авариянын келип чыгышы химиялык цех салынбай калгандан улам болгонун Бишкек ЖЭБдин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу маалым кылган эле. Бул маселе боюнча химиялык цехти куруу чечими өткөн жылдын июль айында кабыл алынып, ал үчүн 4 млн. доллардан ашык каражат каралганын Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоорун башкаруу тобунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов билдирген болчу. Эми болсо бул баа 6 миллионго чыкты. Бримкулов өз сөзүндө: «ЖЭБде жаңы блоктор үчүн кошумча кубаттуулуктагы химиялык цехти Кытай тарап өз эсебинен куруп берүүгө макул болду. Ага 6 миллион долларга жакын каражат сарпталат» – деп айтты. Минтип бир эле маселе боюнча эки башка санды айтып тилинен жаңылып отурат.

Өкүнүчтүүсү 386 миллион доллар кандай сарпталганын өлкөнүн Эсеп палатасы да толук текшере албайт. Палатанын башчысы Улукбек Марипов TBEA менен түзүлгөн келишимде аудит жүргүзүү жол-жобосу так жазылбаганын, андыктан Кытайдан алынган жабдыктардын баасын текшерүү мүмкүн эмес экенин билдирди. Мариповдун айтымында, Эсеп палатасы алынган насыя Кыргызстанда кандай сарпталганын гана текшере алат. Ал эми жабдыктар Кытайдан кандай баага алынганын текшере албайт. Баары келип ТВЕА деген “ажыдаарга” такалып, түбү көрүнбөй, депутаттык комиссиядан көптү үмүт кылып отурган элдин ындыны өчкөнү турат.

Эсеп палатасынын маалыматы боюнча, 368 млн. доллардын 164,6 млн. доллары керектүү жабдыктарга жана материалдарга, 66,7 млн. доллары имараттын курулуш иштерине жумшалган. Ал эми шаймандарды тургузуу, монтаж иштерине 64,2 млн. доллар коротулган. Калган сумма башкаруу иштерине, техникалык жумушчуларды ары-бери ташууга, көзөмөлгө жана башка иштерге сарпталган. Айтор, коротулган каражаттардын түбү көрүнбөйт…

Кыргызстандын Кытайга карызы 1 млрд. 711,48 млн. долларга жетти…
Бүгүнкү күндө 386 млн. долларга ТЭЦти заманбап жаңылоодон өткөрөбүз деп эмне таптык деген суроого жооп табылбай турат. Заманбап эки блок курулуп, кубаттуулугу 300 мегаваттка көбөйүп, жалпы кубаттуулугу 812 мегаваттка жеткени айтылган ТЭЦ 26-январда аварияга учурап, 386 млн. доллар кумга сиңип кетти. “Иттен жок же ит байлаган жиптен жок” калдык. Албетте, такыр жайдак калган жокпуз. Мамлекеттин, элдин мойнуна оңбогондой карыз илинди. Кытайдан 20 жылга 2% жылдык үстөк менен алынган насыяга 100 миллион доллардан ашык үстөк төлөнөт. Каржы министринин орун басары Мирлан Байгөнчөков келишимге ылайык, 2033-жылга чейин Кытай тарапка 100 миллион доллардан ашык үстөк менен 493 миллион доллар кайтарылууга тийиштигин билдирген.
Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, 2018-жылдын 31-январына карата мамлекеттин карызы 4 миллиард 624,81 миллион долларга жетти. Карыздын тутумун карап көргөндө, Кыргызстан Кытайдан эң көп карыз алган, анын суммасы 1 млрд. 711,48 млн. доллардын тегерегин түзөт. Жакында глобалдык экономиканы анализдеген “Quartz” журналы Кытайдан карыз алган сегиз өлкөнүн тизмесин чыгарып, ага Кыргызстанды кошту. Анда карызын убагында бере албаган өлкөлөр жеринен, стратегиялык объектилеринен айрылып жатканын, Кытайдын карыз сыйыртмагына илингендер өлкө бүтүндүгүнө доо кетирип алуу коркунучунда экенин эскертти. Тилекке каршы, бул кооптуу коңгуроо биздин жетекчилердин кылын кыйшаткан жок.

Өлкө башчысы коррупционерлерди сындырчу же өзү сынчу жерде…
Эгер ТЭЦтеги жемкорлук боюнча тиешелүү жетекчилер жоопко тартылбай турган болсо, түбү көрүнбөгөн ыплас иштер мындан ары да токтобой улантыла берет. Өкмөт башчысы Сапар Исаков ТЭЦ авария болуп, парламентте талкуу жүргөндө: «386 миллион долларга ТЭЦтин үчтөн бири гана модернизация болду. 70 пайызы эски, 100 пайыз жаңылаш үчүн дагы 600-700 миллион доллар керек», – деп айткан жайы бар. Мына ушул коңгуроону эске алсак, 386 миллион доллар боюнча чыныгы «көзүр күнөөлүүлөр» жоопко тартылбай калса, ТЭЦти 100% толугу менен жаңылайбыз дегендер чыгып, дагы 600-700 миллион доллар карыз алышып, мамлекетти карызга батырышпайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Коррупция менен катуу күрөшмөкчү болуп жаткан өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков ушул нюансты көңүлгө алып, чыныгы чыккынчы, ичип-жеп тойбогон кузгундарды кылмыш жоопкерчилигине тартышы абзел. Ошондо эл колдойт. ТЭЦтеги коррупциялык схеманы талкалоо менен президент Жээнбеков эл алдында чоң аброй топтой алат. Бул бир келген мүмкүнчүлүк, сыноо дагы. Мына ушул жерден чыныгы өлкө башчысы экенин көрсөтүш керек… Ушул кырдаалда коррупционерлерди сындырууга эрки жетпесе, элдин ишеничи өчөт…

Аяк жалагандар тутулуп, айран ичкендер кутулуп кетпеш керек
Депутаттык комиссия ТЭЦти модернизациялоодогу ашыкча көрсөтүлгөн чыгымдарды, коррупциялык схемаларды, авариянын келип чыгышынын негизги себептерин көзгө сайып көрсөтүп, Башкы прокуратурага, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы, УКМКга долбоордун айланасындагы каржылык-укуктук мыйзам бузууларга укуктук баа берсин деген корутунду чыгарган күндө да, чыныгы жоопкерчилик тартчу «күнөөлүү көзүрлөр» тергөө-сурак амалдарынан сырткары калаары байкалып калды. Себеп дегенде, «айран ичкендер кутулуп, аяк жалагандар тутулат» дегенге ар тараптуу нук салынууда. Буга «Электр станциялары» ишканасынын техникалык директору Алмаз Жусупбеков, «Электр станциялары» ишканасынын жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары Бердибек Боркоев Бишкек Жылуулук электр борборун оңдоого бөлүнгөн акчанын уурдалышы боюнча шектүү катары камалып, ошол эле кезде экөө сыяктуу ТЭЦти модернизация кылганга түздөн-түз жооптуулар «Электр станциялар» ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазов, «Электр станциялар» ишканасынын учурдагы жетекчиси Узак Кыдырбаев, Бишкек жылуулук борборун модернизациялоону башкаруу тобунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов, «Энергохолдингдин» башчысы Айбек Калиев, Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев, биринчи вице-премьер министр Аскар Шадиев, мурунку өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев, мурунку каржы министри Ольга Лаврова дегендер камалбай, ар кайсыны айтып ишти чаргытып жатышканы ачык мисал болуп берет. Жантөрө Сатыбалдиевдин депутаттык комиссияны «чиркей чакканчалык көрбөй» жатышы ошондон. Албетте, жогорудагы аты аталгандар сүттөн таза, кардан ак дегенге эл ишенбейт. Демек буларды дагы тиешелүү органдар тыкыр суракка алышы милдет. «Кимди-ким көрдү, Быржыбайды там басты» болуп, кылмыш ишинен сырткары калбаш керек.

Ушул жерден белгилей кетчү жагдай, Эл аралык масштабдагы документтер чала болуп калгандыгына байланыштуу кызматтан кеткени айтылган өкмөттүн аппарат башчысы Нурканбек Момуналиевдин кызматтан кетүүсүнүн негизги себеби тууралуу такталбаган маалыматтар чыкты. Анда Нурканбек Момуналиевдин жакын туугандарына катталган фирма ТЭЦти жаңылоо иштерине катышкандыгы айтылат. Мына ошол маселеден улам Момуналиев кызматтан кеткени кеп болуп жатат. «Жел болбосо чөптүн башы кыймылдабасын» эске алганда, бир мандем бар. Бул жагдай да тыкыр иликтениш керек.

Алмаз ТЕМИРБЕК уулу

Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 − = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: