Бүгүн, 31-майда «Кыргызтелеком» компаниясына караштуу «КТ Мобайл» компаниясынын ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын отурумунда Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2002-жылдын декабрь айында мамлекеттик «Кыргызтелеком» компаниясынын алдында «КТ Мобайл» компаниясын түзүү жөнүндө чечим кабыл алынып, ага 27 МГц көлөмүндө жыштык берилгенин белгиледи. «Менимче, компаниянын түзүлүшү менен жыштыктын берилиши абдан туура кадам болгон. «КТ Мобайл» банкрот абалында турган «Кыргызтелекомго» чоӊ таяныч болмок, анан наркы 2 млрд сом өтө баалуу жыштык мамлекеттин өзүндө калып отурат. Аны кийин кимдер кандай иштетти – ал башка маселе», – деди ал.
Ошондой эле, премьер-министр мамлекеттик «Мегаком» менен «КТ Мобайл» компанияларынын биргелешип иш алпаруу аракети стратегиялык жактан да, коммерциялык жактан да туура болгонун айтты. «Мегаком» компаниясынын 70 МГц жыштыгы, «КТ Мобайл» компаниясынын 27 МГц жыштыгы бар, экөө бириккенде – 97 радиожыштык болот. Алар өлкөнү санариптештирүү демилгесинин башында туруп, мамлекетке көп пай да алып келмек», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Эсиңиздерге сала кетсек, Жогорку Кеӊештин 15-майда өткөн жыйынында «Кыргызтелеком» компаниясына караштуу «КТ Мобайл» компаниясынын ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссиянын курамында депутаттар Жанарбек Акаев, Сайдолимжан Жураев, Айнура Осмонова, Абтандил Кулбараков, Марлен Маматалиев, Курманкул Зулушев, Мирлан Жеенчороев, Алмазбек Баатырбеков, Таалайбек Масабиров, Гүлшат Асылбаева, Зиядин Жамалдинов, Акылбек Жапаров, Алмамбет Шыкмаматов бар. Депутаттык комиссия бир айлык мөөнөттө өзүнүн иликтөө жыйынтыгын чыгарууга тийиш.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ