Бүгүн, 1-июнда социалдык тармактарда “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Алманбет Шыкмаматов менен КСДПчы депутат Рыскелди Момбековдун депутаттык ишмердиги, саясый позициялары, интеллектуалдык дегээлдери сынга алынган видеоролик пайда болду.
“Мнову депутаттардын эмне деп жатканын кимиңер түшүндүңөр? Оң буту менен турса, оңун айтып, сол буту менен турса, солун айтып жүрө беришеби? Депутаттар коммерциялык структуралардын позицияларын илгерилетип, оокаттарынын өткөрүп жүргөндөрдү жашыруун эмес. Бирок кечээ айткан сөздөрүн бүгүн унутуп койгондорун карабайсыңбы. Бир күнү маска, бир күнү каска”- деп жазат белгилүү медиаэксперт Авланбек Жумабаев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасында.
“Ушундай кишилер мыйзам чыгарып олтурат, эртең менен бирди сүйлөп, кечинде ситуацияга жараша оюн өзгөртүп”, – деп жазат жарандык активист Бурул Кушбек.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ