Menu

Аскарбек Шадиев сурак берип жүрсө, өкмөттө кайсы абийир калды?

Бөлүшүү:

Узаган аптада 1-вицепремьер-министр Аскарбек Шадиев УКМКга чакырылып, Жогорку Кеңештен уурдалып кеткен 30 миң доллар боюнча сурак берип чыкканы кабарланды. Бул боюнча «Азия Ньюстун» өткөн сандарына «Шадиев менен Турсунбеков качан камалат?» деген макала чыккан. Эске сала кетсек, Аскарбек Шадиев ЖКнын эл аралык комитетинин төрагасы кезинде Чыңгыз Айтматов атындагы Санкт-Петербургда берилүүчү 30 миң долларды сыйлык катары андагы спикер Чыныбай Турсунбековдун чечими менен бөлдүрүп алып, бирок, ал акча кумга сиңген суудай жоголуп кеткен. Орто жерден ЖКнын эл аралык иштер боюнча бөлүм башчысы Арсен Закиров камалып отурат. Натыйжада, Турсунбеков менен Шадиевдин жоопкерчилиги канчалык деңгээлде карала турганы азырынча белгисиз. Кызыгы, 1-вице-премьерибиз сурак берип жүрсө, өкмөттүн беделине шек кетпейби? Өнүккөн өлкөлөрдө мындай жагдай түзүлсө, чиновник отставкага кетет эмеспи, а буларды кубаламайынча тырмышып жүрө беришет.

Кубат КАРАЧЕВ

Булак: Азия Ньюс 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: