Экс-депутат Мээрбек Мискенбаев президент Сооронбай Жээнбековдун депутат иниси Асылбек Жээнбековду мандатын тапшырып кетүүсү керек экендигин жар салып чыкты. Бирок ага Асылбек Жээнбеков анын мандатын алышты эл чечээрин билдирип жооп берди. Мискенбаев болсо Асылбек Жээнбеков мандатын тапшыраарын Фарид Ниязов айткандыгын тастыктады. Анын айтымында, таластыктар президенттик шайлоонун алдында суроо коюшкан, “эгер Сооронбай президент болсо, Жаныш Бакиевдей болуп бир туугандары аралашпайбы?” деген. Ал суроого, “эгер Сооронбай президент болсо Асылбек иниси мандатын тапшырат” деген жооп болгон экен. Ошондо Мискенбаев чындыкты айтып жатабы же Асылбек Жээнбековбу? Кандай болгон күндө да маселе көтөрүлүп калды. Чындык ачыкка чыгыш керек го. Балким Фарид Ниязов калп айткан чыгаар…
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ