Премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Сагындыков Турат Арстанбекович ээлеген кызматынан бошотулду. Таалай Сагындыков бул кызматта 2016-жылдын 19-октябрынан бери иштеп келе жаткан. Эми бул кызматка ким дайындалат, азырынча белгисиз. Негизи бул кызмат өзүнүн функционалдык милдетин атакара албай жатат. Өткөндө президент Сооронбай Жээнбеков аталган кызматтын жетекчиси Замирбек Осмоновду кабыл алганда, канааттандырарлык иш жүрбөй жатканын айтып, бир катар талаптарды койгон. Демек, жетекчинин дагы ишмердүүлүгү боюнча да маселе бар.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ