Menu

Түркмөнстанда шайлоо тууралуу репортаждар добуш берүүгө эки апта калганда даярдалган

Бөлүшүү:

Түркмөнстандын мамлекеттик телеканалдары өлкөдөгү парламенттик шайлоо тууралуу репортаждарды добуш берүүгө эки апта калганда эле даярдай башташкан. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматынын Дашөгүздөгү өз булактары кабарлашты. Маалыматка караганда, кийин алар шайлоо күнү тартылган деп көрсөтүлмөк.

25-мартта Түркмөнстанда улуттук парламенттин, ошондой эле шаардык жана облустук кеңештердин депутаттары шайланды.

«Бюджетте иштегендерди чогултушуп, шайлоо тилкелеринен репортаждарды тартышты. Шайлоо өткөрүүгө чакырылган адамдар камера алдында «добуш берүүгө жарандардын мынча пайызы катышты» деп алдын ала айтып беришти», — деди окуяга күбө болгон жашоочулардын бири.

Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы бул маалыматтар жалган экенин билдирди.

Буга чейин «Азаттыктын» түркмөн кызматы аймактардын жашоочулары өз округдарындагы талапкерлерди жакшы тааныбастыгын, мындан улам алардын көбү шайлоого барбай тургандыктарын айтышканын билдирген. Ал ортодо мамлекеттик ММКлар талапкерлер шайлоочулар менен «кызыктуу жана ачык жолугушууларды» өткөрүп жатканын кабарлашкан.

Расмий маалыматтар боюнча жалпысынан парламенттик шайлоого 284 талапкер, анын ичинде президенттин уулу Сердар Бердымухамедов дагы катышты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: