Кыргыз мамлекетинин легитимдүү президенти Сооронбай Жээнбековдун ишмердүүлүгү боюнча кытыгылуу имиштерди таратууга болгон аракет өз эле күчүндө болуп келатат. Беш айда эле тескери жагдайлардын баарын жоготууга мүмкүн эмес. Атайын чейрек кылымдан берки досу менен болгон жылуу алакасын бузууга катуу киришкен топтор бүгүн,эртең басылар түрү көрүнбөйт. Болбоду дегенде иштеп жаткан кадрларга асылып, булардын баары А.Атамбаевдин көздөй кишилери экенин Соке билиши зарыл деп казанын калдыратышкан кези. Анткени алардын “кумирлери” караңгы жерден алсыз үнүн чыгарып, жардам берүүсүн күтүүдө. Тилекке каршы булардын шиши толгону үчүн жазасын беришкен.
Ошентсе да туура кепти айта кетели. Маселен, С.Жээнбековдун турмушундагы өткөргөн жылдарына канча тереңдеп кирсе деле эч балээсин таба алышпайт.Эгерде илинчегин былтыр табышканда бүгүн ал ажолук тактыда отурмак эмес да? Чынында эле Кудайдын, колдогон элдин каалоосу аркылуу калкына президент болуп шайланды. Негизи президентибиз калыстыкты, адалдыкты, теңчиликти баалаган киши. Ошондуктан ал коррупцияга мойлосунан малынгандарды ким экенине карабай, жазалоого чечкиндүү. Учурдагы күрөштүн курчуп баратканы мунун айкын күбөсү. Дагы далай жемкорлордун дамбалы күйүп, чымындай жаны чыркыраарына күмөн жаралбасын да белгилей кетели. Анан желден шамал жасап, эле элге күйүмүш болуп табылгысы келгендердин жоругуна чыдабай кетет экенсиң. Сабыр кыла турсаңар, турмуш буйруса өз деңгээлине түшөт. Ажонун колунда сыйкыр таягы жок, бирок акыйкаттыкты орнотууну эңсеген жүрөгү, саясый бекем эрки бар!
Булак: “Ачык сөз”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ