Menu

Парламент, интернетте алкоголдук ичимдиктердин жарнагына тыюу салуу туралуу Мыйзамды кабыл алды

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбеков «Жарнак жɵнүндɵ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам технологиянын өнүгүүсүнө байланыштуу жарнак чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү жана калктын алкоголду керектөө деңгээлин төмөндөтүү максатында кабыл алынган.

Тактап айтканда, кабыл алынган Мыйзам менен «Жарнак жɵнүндɵ» Мыйзамга тɵмɵндɵгү ɵзгɵртүүлɵр киргизилген:

– Мыйзамдын 2-беренеси (түшүнүктөр аппараты) “мониторинг” түшүнүгү менен толукталган, ага ылайык:

“мониторинг – коомдук жерлерде, басылмаларда, радиодо жана телекөрсөтүүдө жайгаштырылуучу жарнак материалдарына байкоо жүргүзүү, аларды чогултуу, талдоо жана иштеп чыгуу тутуму.

Мониторинг фото- жана көрмөбайкоо аркылуу жүргүзүлөт, текшерүү болуп саналбайт жана ушул Мыйзамдын талаптарын бузууларды табууга багытталган”;

– Мыйзамдын 5-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-абзацына тактоо иретинде толуктоо киргизилген;

– Мыйзам чыгаруу техникасына ылайык келтирүү максатында, Мыйзамдын 14-беренесинин 1-2-бөлүктөрүндөгү, 16-беренесинин 4-бөлүгүндөгү, 27-беренесинин 2-3- бөлүктөрүндөгү “пункттарында”, “пунктунда”, “пунктун” деген сөздөр “бөлүктөрүндө”, “бөлүгүндө” жана “бөлүгүн” деген сөздөргө алмаштырылган;

– Мыйзамдын 16-беренесинин 1-бөлүгүнө киргизилген толуктоого ылайык «Интернет» маалыматтык-телекоммуникациялык тармакта алкоголдук ичимдиктердин жарнагына тыюу салынат;

– Мыйзамдын 26-беренеси менен жөнгө салынган жарнак жагындагы мамлекеттик контроль боюнча монополияга каршы республикалык органдын ыйгарым укуктары жарнак материалдарын мониторинг жүргүзүү укугу менен толукталган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 + = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: