Аскердик соттун мурунку төрагасы Нурлан Ашымбековго издөө жарыяланганын Башкы прокуратурадан маалым болду. Ага кылмыш иши козголуп, иши сотко өткөн болчу. Бирок сот отурумуна келген эмес. Белгилүү болгондой бута чейин Башкы прокуратура Аскердик соттун төрагасы Н.Ашымбековго карата Кылмыш-жаза кодексиндеги 313-берене (опузалап пара талап кылуу) жана 313-1-берененин (пара алуу) негизинде кылмыш иш козгогон болчу. Ага 50 миң доллар пара талап кылып, алганы үчүн айып тагылып жаткан.
Булак: “Багыт“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ