Menu

Ферганадан чыккан миллионер Өзбекстанда брондолгон автоунаа чыгарган завод курат

Бөлүшүү:

Фергана облусунда төрөлгөн, учурда Бириккен Араб Эмиратында жашаган 38 жаштагы машина куруучу Улугбек Максумов Өзбекстанда брондолгон автоунаа чыгаруу боюнча завод курууну пландоодо.

Ал президент Шавкат Мирзиёев Өзбекстан экономикасына капитал салууну каалаган инвесторлор үчүн жагымдуу шарт түзүлөрүн жарыялагандан кийин ушундай чечимге келгенин билдирди.

– Өзбекстан президенти жүргүзүп жаткан реформалар элдин жашоо-турмушун жакшыртууга багытталган. Мен Ферганада чоңойгом. Өлкөмө келип, жүздөгөн жумуш орундарын түзүп, өлкөмдүн өнүгүшүнө салым кошкум келет, – деди Улугбек Максумов.

Максумов Бириккен Араб Эмиратына 2006-жылы турист катары келген. 2012-жылы ал Дубайда брондолгон аскердик жана жарандык автоунааларды чыгарга INKAS заводун курган. Учурда завод жылына орто эсеп менен тогуз үлгүдөгү 800дөй машина чыгарат. INKAS Дубайда брондолгон автоунааларды өндүргөн эң ири завод болуп эсептелет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: