КСДПнын ичиндеги бийлик үчүн күрөш, ыркырашмай сыртка чыгып, эл башкаруучу партиянын бүт былыктарын биле турган болуп калды көрүнөт. КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков «Кытай коммунисттери берген акчаны КСДП пайдаланды» деп айыптады. Фарид Ниязов расмий турдө «миллион сомду КСДП эмес, Жогорку Кеңеш алган» деп билдирди. Бирок, парламенттин басма сөз кызматы расмий түрдө андай акчаны албагандыгын маалымдады.
Кызык, КСДПнын курултайы бул маселени талкуулайт болду бекен?.. Айтмакчы, Фарид Ниязов «Вечерний Бишкек» гезитин көп мыйзамдарды бузуп, рейдерлик жол менен басып алууну уюштургандардын бири катары айтылып жүргөнүн билесиңерби? Бул «кылмышы» үчүн ал жакынкы күндөрдө КСДПнын алдында партиялык устав боюнча эмес, «чагымчыл» Мискенбаев менен кошо мыйзам алдында жооп берип калбас бекен?..
Булак: ”Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ