Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев бүгүн парламент жыйынында Бишкек ТЭЦиндеги кырсыкка байланыштуу маселени көтөрүп, тийиштүү кызматкерлер жоопко тартылбай жатканын сынга алды.
«Эгер биз ТЭЦтеги коррупцияны ачып иш козгой албасак, анда өкмөт, президент, депутаттар «коррупция менен күрөшүп жатабыз» деген маселени айтпашыбыз керек. Элге уят болобуз. Бүгүн биз прокуратуранын, өкмөттүн отчетун карап отурбай, чукул кадамга барып, өкмөттүн маселесин карашыбыз керек. Иштей турган, жигердүү өкмөттү түзүшүбүз зарыл. Бүгүн өкмөт саясый жактан да, финансылык жактан да, кадрдык жактан да банкрот болду» деп Зулушев ачуу пикирин билдирди. Өкмөт жакынкы күндөрү Жогорку Кеңешке жылдык отчету менен келгени турат. Депутаттар суроолорун эмитеден даярдап, талкуу кызуу болоору күтүлүүдө.
Булак: ”Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ