Буга чейин өкмөттүн мурдагы аппарат жетекчиси Нурканбек Момуналиевдин апасына катталган фирма ТЭЦти оңдоп – түзөө ишине катышып, бир катар мыйзам бузууларга барганын, ал тургай ал фирма аркылуу 20 миллион сом жегенби деген суроолуу маалыматты бир катар ЖМКлар жазып чыгышкан. Мына ошол боюнча Улуттук коопсуздук комитета тарабынан кылмыш иши козголуп, учурда Момуналиев сурак бере баштады. Эске салсак, Нурканбек Момуналиев Жантөрө Сатыбалдиев премьер-министр болуп турганда аппарат жетекчиси болуп дайындалган. Ошондо тендерден утуп чыгууга Жантөрө Сатыбалдиев мырза жардам бергенби деген суроо туулат. “Адылсынган молдонун үйүнөн алты каман-ын башы чыгыптыр” дегендей, адалсынып акмын деп жаткан Жантөрө мырзада кеп бардай…
Булак: “Ачык Саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ