Menu

Алмаз Атамбаев, экс-президент: “Асилбек Жээнбеков депутаттык мандатын тапшырып, кетиш керек, КСДПдан 3 жолу депутат, 2 жолу спикер болду, жетишет”

Бөлүшүү:

-СДПКчы Мээрбек Мискенбаев президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асилбек Жээнбеков депутаттык мандатын тапшырыш керек деп талап кылып жатат, сиз Мискенбаевдин талабын колдойсузбу? – деп сурашты журналисттер бүгүн, 31-мартта өткөн Алмаз Атамбаевдин маалымат жыйынында.

-Биринчиден, мен айтып коюшум керек, бүгүнкү съездге Мискенбаев дагы чакырылган жок, эки тарап тең келбесин деп чечтик. Экинчиден, биз Сооронбай Шариповичтин талапкердигин президенттике түртө баштагандан тартып эле Асилбек Шарипович мандатын тапшырыш керек деп айткам. Азырга чейин ушул эле позицияны карманып келатам. Ооба Асилбек Шарипович КСДПга чоң жардам берди, бирок КСДПдан 3 жолу депутат, 2 жолу спикер болду. Президенттин иниси депутат болуп олтурса өзүнө эле зыяны тиет. Эң эле болбоду дегенде ушак болушат. Ошондуктан Ас илбек Жээнбеков мандатын тапшырып кетиш керек, – деп жооп берди Алмаз Атамбаев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 76 = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: