Өлкөдө кайрадан башаламандык жаралышына эч качан жол бербейбиз жана буга тикебизден тик турабыз!
«Элдик-Сакчы» элдик кошууну 2010-жылдагы Апрель ыңкылабында түзүлгөн. Күч түзүмдөрү шал абалга кептелип, мыйзам бузуулар менен талап-тоноолордун, улуттар аралык жаңжалдардын, жер басып алуулардын арааны күчөп турган ошол оор кезде сүйүктүү өлкөбүздүн тагдырына кайдыгер карабай, сиз мүчө болгон Убактылуу өкмөткө жардам берели, анын туруктуулугун сактап калууга салымыбызды кошолу деген максатта «Мыйзамдуулук жана тынчтык үчүн!» деген ураан астына бириккенбиз. Баса, «Элдик-Сакчы» элдик кошууну- сиз жетектеген шаар башчылыгынын коопсуздугуна да кам көрүп, сизди баш кылып кайтарууга алганыбызды эсиңизге салып кетмекчибиз.
Сизге кайрылуубузга төмөнкү жагдайлар себеп болду: Сиз өткөндө өткөргөн маалымат жыйыныңызда «мындай боло берсе, мамлекет бүлүнүүгө жана башаламандыка кептелет» деген жамандыкты чакырган жоопкерчиликсиз сөздү айтып, жылаандын башын кылтыйттыңыз. Экинчиден, сиз 8 жыл бою өзүңүз бир да жолу эстеп койбогон шейит кеткен баатырларыбыздын арбагын курал катары пайдаланып келдиңиз?! Үчүнчүдөн, туруксуз, эки жүздүү иш- аракеттериңиз менен өзүңүздүн кара башыңыздын гана камын көздөгөн пенде экениңизди ачык көрсөттүңүз.
Ошондуктан сизге муну эскертип койгубуз келет: биз, «Элдик-Сакчы» элдик кошууну, сиздей “эки жүздүү” адамдардын саясаттагы шайтан оюндары элди толкутуп, өлкөдө кайрадан башаламандык жаратышына эч качан жол бербейбиз жана буга тикебизден тик турабыз! Кыргызстан мындан ары тынчтык жолу менен гана өнүгүшү керек! Муну эсиңизге жакшылап түйүп алыңыз!
Сиздин Апрелде курман болгондордун атынан жана Апрель ыңкылабынын атынан сүйлөгөнгө моралдык укугуңуз жок. Себеби, биз катардагы карапайым, керек болсо, Бишкекте үйү жок, батирден батирге көчүп баш калкалап жашаган жарандарыбыздын колдоосу менен мыйзамсыз жер басып алууларды, талап-тоноолорду токтотуп, борбор калаабызды көзүбүздүн карегиндей сактаган элек. Сиз ошол эмгегибизди тепсеп, мэр кезиңизде сизди Ата-Түрк сейил багындагы жана башка жерлерди мыйзамсыз сатты деп ызы-чуу салган, эми болсо жаныңызда “тилектеш” болуп жүргөн мурдагы партиялашыңыз, кечээки шайлоодо Бабановдун штаб жетекчиси болгон Данияр Тербишалиев менен жолуңуз бир экени күдүк ойлорду жаратууда. Балким, Тербишалиев сиздин ишмердүүлүгүңүз боюнча көтөрүп чыккан маселе тергөөдө аныкталып, бирок кандайдыр бир түшүнүксүз себептерден улам сотко жетпей кыскарып калганы – азыркы кездеги досторуңуз былыктарыңызды чукуп чыкпаса экен деп далбастап жатканыңыздай таасир калтырууда. Сиз жеке кызыкчылыгыңыз үчүн Кудайдан да коркпой, каза болгон шейиттердин жаркын элестерин курал катары пайдаланганыңыз – бул мырзачылык эмес, бул, сиздин партиялаштарыңыз белгилегендей, саткындык!
Эл арасында айтылып жүргөндөй, сиздин президент болушум керек эле деген куру дымагыңыз менен ич күптүңүздү экс-президент Алмазбек Шаршенович менен азыркы президент Сооронбай Шариповичти атайлап бири-бирине кайраштырып, өчүңүздү алып жаткандай түшүнүүдөбүз! Кеч боло электе камчыңызды мойнуңузга салып, кыргыз элинен кечирим сурашыңыз абзел! Анте албасаңыз, анда сиз ыңкылаптын атына жамынган коррупционер, мамлекеттин кызыкчылыгынан өзүнүн керт башын жогору койгон, бейкүнөө адамдардын өлүмүнө себепкер болгон баласын жаап-жашыргысы келген, мансап үчүн атасын аябаган арсыз саткын катары тарыхта калаарыңызды эскертип кетмекчибиз!
«Элдик-Сакчы» элдик кошуунунун жалпы жааматы
Булак: «Айгай-пресс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ