Бүгүн, 4-октябрда Сокулук районунун Новопавловка айыл аймагынын ГЭС-2 жаңы конушунда 2008-жылы туулган окуучунун сөөгү жерге берилди.
Эскерте кетсек, кечээ, 3-октябрда автобустун эшигине буту кыпчылып калган окуучуну айдоочу байкабай бир топ жерге сүйрөп кетип, дөңгөлөктүн алдында калып каза болгон. Бүгүн, 4-октябрда 18-автобустун айдоочусу камакка алынган.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ