Menu

Алмаз Атамбаев: “ТЭЦти реконструкциялоо, кышка даярдык иштерин 2016-17-жылдары Сапар Исаков эмес, Сооронбай Жээнбеков жүргүзгөн”

Бөлүшүү:

“Мен буга чейин унчукпай келгем, Сапарга да айткам “Сооронбай Жээнбеков сенден улуу адам катары сени бардык маселелер боюнча айыптай баштайт, сен унчукпай эле чыдап кой” деп. Эми азыр чындыкты айтууга мезгил жетти”, – деп билдирди бүгүн, 31-мартта берген маалымат жыйында экс-президент Алмаз Атамбаев.

“Бишкек шаарын күзгү-кышкы сезонго даярдоогу кемчилдиктер жана ТЭЦтеги авария боюнча кыйкырышканда аларга айткан киши жок… Сапар Исаков премьер-министрдин кызматына 2017-жылдын 28-августунда гана олтурбадыбы. Кайсы гана мамлекет болбосун, анын ичинде биздин өлкөдө да күзгү-кышкы сезонго даярдык сентябрда аяктайт эмеспи. Тендерлер жана башка иш чаралардын баары сентябрга чейин эле бүтөт. 2016-2017-жылдагы тендерлердин баарын Сооронбай Жээнбековдун өкмөтү өткөргөн. ТЭЦти оңдоого 2016-жылы 280 млн сом, 2017-жылы 230 млн сом чыгымдашкан. Ушул тендерлердин баарын, кышка карата даярдыктын баарын ошол кездеги премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун командасы ишке ашырган. Эми болсо “уурусу күчтүү болсо ээси доого жыгылат” болуп жатышат… Бул элди алаксытыш үчүн, жөн эле көтөрүлгөн ызы-чуу деп айтпадым беле. Анткени ал жерден бир жаңжал чыгып кетсе аны мен тарапка буруп жиберишмек. Угуп койгула, мен баарына жооп берүүгө даярмын. Мен өз мекенимден эч жакка кетпейм. Мен бир гана ТЭЦти оңдоого эле буйрук берип токтоп калган эмесмин,  мен Токтогул ГЭСин оңдоого, электр иштеп чыгаруучу станиялардын баарын оңдоого буйрук бергемин. Азыр Токтогул ГЭСин, Ат-Башы ГЭСин оңдоп жатышат, Камбар-Ата-2 ГЭСине эки агрегат коюп жатышат. Анткени ал кезде Датка-Кемин электр өткөрүү линиясы курула элек болучу, кокус бир электр мамысы кулап калса эмне болот эле, Бишкек жарыгы жок калмак. Бишкек жарык менен өзүн-өзү камсыз кылыш керек. Эгер кимдир-бирөөлөр уурдаган болсо жоопко тарткыла, абакка олтургузгула. Бирок, каяктагы бир Зулушев деген неме кыйкырып жатса таңкаласын… Анын өзүн соттун ыйык атын булгагандыгы үчүн кызматтан кууп кетиришпеди беле… Анын артында ким туруп, ким башкарып жатканын мен көрүп эле турам”, – деди Алмаз Атамбаев.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 88 = 96

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: