Menu

Жээнбеков деле командасына Кочкоров, Масадыков, Мадумаровду чакырса жаңылышпайт…

Бөлүшүү:

Путин кайрадан президент болуп шайлангандан кийин эле, өзүнө атаандаш болуп шайлоого катышкандар менен жолугуп, коммунист  Павел Грудининге айыл чарба министри болуп, ушул тармакты жетектеп бер десе, Ксения Собчакка дагы жогорку кызматты сунуштады. Коррупция менен күрөштү күчөтөм деп убада берген Сооронбай Жээнбеков дагы өзүнө атаандаш болуп чыккан талапкерлердин арасынан тажрыйбалуу, өзүнө жооп бере алчу, саясий басымга туруштук бере ала турган, артында калбыры жок Улукбек Кочкоровду Сегизбаевдин ордуна, дипломатия эмне экенин жакшы түшүнгөн Таалатбек Масадыковду үн чыкпаган ТИМ министри Абдылдаевдин ордуна,  Адахан Мадумаровду Коопсуздук кеңешине алып барса, коррупция менен күрөш ошондо башталмак.

Бул саясатчылар мурункунун же азыркынын адамы деп бөлүп карабай, баарына мыйзамдын негизинде мамиле жасамак. Таасир талашам дегендер куйрукту чатына кыпчып, өз айлаларын издемек да.

Булак: Жаны Ордо

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: