Menu

Ой-пикир: Кудай жаштарга нысап бере көр

Бөлүшүү:

Ааламдашуу деген бир балээ болду го. Кыргыз эли ушул балакеттен кыйгап өтүп кетээр күн болоор бекен. Артыкча кыргыздын нукура салт-санаа, үрп-адаттарынын ишпалдасын чыгарып бүттү. Уялуу, ар-намыс деген жоголду. Дин мамлекеттен тышкары деген мыйзам кабыл алынып, ошол эле убакта “Кыргызстан – жалпыбыздын үйүбүз” деген чакырык таштап ийип, баш-аягыбызды таппай калдык. Жер үйдөгүлөрдүн эшиги тынбайт. Эшик кагылат, чыксаң албаа-далбаа болуп кийинип алган лөлүлөр кудайы сурап турушат. Аларды кетирип кайра киресиң. Кайрадан эшик кагылат, чыксаң багалеги сарала болгону бар, оозу-мурду көрүнбөгөн, киши коркутчудай болгон сакалчаны бар топ турат. Келгиле дейсиң, даават айтабыз дешет. Аны кетирип, үйгө киресиң. Эшик калдырайт, чыксаң эшиктин жылчыгына кагаз кыпчылып калат. Карасаң жахабилердин чакырыгы. Чоң көчөдөгү аялдамадан түшүп, балдарын сүйрөп, тузга чубурган койдой жарыша чуркаган жахабийчилерден тар көчө бошобойт, алардын дагы басымдуусу кыргыздар.

Лөлүлөрдөн орун талашып, садага сурап отурган жапжаш кыргыздар көбөйдү. «Берекеттин” түбүндө отурган, жанында кызы бар бир келинди жаш экенсиң, кийим тигүү цехине киргизип коеюн десем, “Кереги жок, эч нерсе кылбай отуруп эле 400 – 500 сом табам” – деп так секирди. Жанындагы кызы эмне деген адам болуп чоңоёт» -деп кейийт, улгайган таанышым.

Шариатта болсо, үй ээси бир жакка кетээринде барып-келгенге чейинки тамак-ашын камдап, кийим-кечеси тозуп кетпегидей кылып даярдап берип кетсин дейт. Шариат айтымыш болгон дааватчылар, жалгыз уюнун торпогун сатып, балдарын сүтсүз калтырып сай-сайлап жүрөт.

Балээ баскан башка агымдагылар сөөк чыкса колдон талашып, “Бүгүн койгула, өлүк кыйналып жатат” – дешчү болду. Өлсөк да, кыргызча өлбөй калабызбы деп ойлоносуң.

Булардан өткөн дагы салтты, тууганчылык сезимди ойлобой, ага-туугандардын үйлөнүүлөрү күн санап өсүүдө, натыйжасында жарым жандуу балдар көбөйүп жатат.

Ал аз келгенсип, кытайлар менен алыш-бериш кылгандан бери аялдардын тамеки чегүүсү өтө көбөйдү. Ушундан улам Кытай өлкөсүндөгү таякелерине тууганчылап барган бир эжемдин айтканы эске түшөт: «Тайажеңелерим эшикте отуруп калганыбызда тамеки чегишет, мага сунганда чекпейм дейм. Бир күнү улураак тайажеңем, “жээн кыз, силерде аялдар тамеки чегишеби” деп сураганынан, эч ойлонбостон “бузулган аялдар чегишет” депмин. “Ии, кокуй эмне дейт” деп ийгенде, одоно айтып ийгенимди түшүнүп уялып калдым. Бирок туура эле айткан окшойм, мен кеткиче мага тамеки чеккенин көргөзүшкөн жок» – деп күлгөн эле.

Ал адат бизге жайылып, кычырай кийинген, билимдуу кызматкер, татынакай кыздарыбыз мекеме ишканалардын алдына топтошуп туруп тамеки чеккени өтө эле одоно көрүнөт. Кыз баланын чеккен тамекисинин зыянын, төрөгөн наристелерге берчү терс таасирин элге түшүндүрүүнүн ордуна өздөрү чычая тиштеп турушат.

Дегеле депутаттардын үлгү болчу жагы барбы? Бир эркек эл өкүлү операция жолу менен сурма жасатыптыр деп эл арасы доңшуп калды. Эл айтса чын болчу эле. Эгер чын болсо, эмне гана деген шермендечилик. Анда балакет болду. Бирдей жыныстуулар үй-бүлөө болуубузду мыйзамдаштырып бергиле деп чуу түшүрдү эле. Эми чет элдердин аял менен эркектин мүчөсүн алмашканы дагы, биздин көөп, көзүнө эч нерсе көрүнбөй калган акчалууларга келбей койбойт.

Ушулар сыяктуу терс көрүнүштөрдөн Кудай сактап, кийинки келе жаткан жаңы жаш муундарыбызга жараткан нысап берип, кыргыз элинин нарк-насилин сактап калышса экен.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: