КРнын Экономика министрлигинен билдиришкендей, 30-марттан баштап Москванын соода борборлорунда, “Кыргыз товарлар күнү” акциясы өткөрүлөт. “Бул акцияны өткөрүү кыргыз өнүмүн чет жактын рыногунда жайылтуу үчүн өтө маанилүү жана кыргыз-орус соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө салым кошот”,- деди ишкерлер менен болгон жыйын учурунда KPнын Экономика министри Артем Новиков
Ошондой эле жыйын учурунда бул акциянын алкагында Москванын соода тармактарында кыргыз өнүмүнүн атайын бурчу түзүлүп, анда каалоочулар Кыргызстандын өнүмүн ооз тийип жана ал тууралуу маалымат ала алышат.
Ата мекендик соода маркалары белгилегендей, бул иш чара чындыгында эле өтө керек. “Биздин экологиялык жактан таза жана сапаттуу өнүмүбүздү көрсөтө алабыз жана биз бул акцияга куштарлануу менен катышабыз” дешти өндүрүшчүлөр.
Бул акцияга 30 дан ашуун жергиликтүү өндүрүүчүлөр катышышат. 2017-жылдын декабрь айынын ортосунда Бишкекте алтынчы кыргыз-орус аймактар аралык конференциясы өткөн. Иш-чаранын жүрүшүндө КРнын Экономика министрлиги менен РФнын Х5 Retail Group деп аталган белгилүү соода тармагы ортосунда келишимге кол коюлган. Анда аталган соода тармагы дүкөндөрүндө сатуу үчүн кыргыз өнүмүн алууну көздөп жатканын билдирген бoлчv.
Булак: “Экономика”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ