Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн саламаттык сактоо министри менен калкты медициналык тейлөөнүн сапатын жогорулатуу маселелерин талкуулады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-октябрда өлкөнүн саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди кабыл алды. Бул тууралу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

Саламаттык сактоо системасындагы реформалардын жүрүшү, калкты медициналык тейлөөнүн сапатын жогорулатуу маселелери жана чаралары талкууланды.

Министр Космосбек Чолпонбаев Бишкектеги үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорун оптимизациялоонун жүрүшү жөнүндө маалымдады.

Саламаттык сактоо министрлигинин чечими менен борбор калаадагы 19 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору 4кө чейин кыскартылат — ар бир районго бирден административдик борбор калат.

Ал белгилегендей, оптимизация административдик-каржылык штатты камтып, дарылаган врачтардын жумушуна таасир этпейт. «Медициналык биринчи жардам боюнча арыздардын 50 пайызы Бишкек шаарына туура келет», — деп айтты Космосбек Чолпонбаев.

Ал белгилегендей, Саламаттык сактоо министрлиги 2019-2030-жылдарга карата Калктын ден соолугун коргоо жана саламаттык сактоону өнүктүрүү боюнча программаиштеп чыккан, анда 2018-2014-жылдарга карата Улуттук өнүктүрүү стратегиясынын программалык максаттары да камтылган.

Президент Сооронбай Жээнбеков саламаттык сактоо тармагындагы дарыгерлердин адистигин жогорулатуу жана медициналык тейлөөнүн сапатын жакшыртууга багытталган кечиктирилгис реформалардын маанисин белгиледи.

«Саламаттык сактоо тармагындагы реформалар — топтолуп калган көйгөйлөрдү чечүү үчүн көп убакыт талап кылган татаал маселе», — деп белгиледи Президент.

Ал айыл жеринде биринчи медициналык жардам көрсөтүү системасынын сапатын жакшыртуу, фельдшер-акушердик пункттардын (ФАП), бейтапкана жана ооруканалардын санын көбөйтүү керектигин белгиледи.

Кыргызстанда медициналык тейлөө акысыз болгону менен оорулууларга дарылануусунун кайсы бир бөлүгүн төлөөгө туура келет. Буга байланыштуу Сооронбай Жээнбеков акысыз жана акы төлөнгөн медицинанын баасы менен сапатын кайрадан карап чыгуу зарылдыгына токтолду.

«Көп учурда калктын эң аярлуу катмарларына — колунда жокторго, аялдарга, балдарга жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелгендерге дарыланууда кайсы бир бөлүгүн төлөөгө туура келет. Ошол эле учурда акы төлөөгө жөндөмдүү адамдар атайын мамлекеттик ооруканаларда акысыз дарыланышат. Саламаттык сактоо тармагындагы мындай системаны өзгөртүш керек. Акы төлөнгөн медицина сапаттуу болуп, ошол эле учурда акысыз сапаттуу тейлөөнү калктын аярлуу катмарларына көрсөтүш керек», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент Министрлик саламаттык сактоо тармагындагы абал жана реформалардын жүрүшү боюнча кеңири анализ бериши керектигин жана ал КР Коопсуздук кеңешинин жакынкы жыйынында карала турганын кошумчалады.

Мамлекет башчысы айлык акыны жогорулатууда акыйкат бөлүштүрүү маселесине өзгөчө көңүл бурду жана үй-бүлөлүк медицинанын дарыгерлеринен кийин стационардык медициналык тейлөө кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлүшү керектигин белгиледи.

Ошондой эле Президент Сооронбай Жээнбеков саламаттык сактоо министринин көңүлүн медициналык тейлөөнүн электрондук ыкмасына өтүү, ооруларды алдын алуу, калк арасында дени сак жашоону пропаганда кылуу чараларына бурду.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: