Колдогон кожоң күчтүү болсо, үй-бүлөң менен «май талкандуу» кызматтарды аркалоо ажеп эмес тура. Маселен, Алымбай Султанов ОДКБнын генералдык секретарынын орун басары, бир уулу Семетей Султанов КР футбол федерациясынын президенти, экинчиси Уланбек Султанов Октябрь РИИБнин начальниги. Браво! Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кудасы болгону үчүн Алымбай мырзанын үй-бүлөсү ийгиликтерге жетишип, бийиктиктерди багындырып атышат да, туурабы? Кызык, маанилүү кызматтарды аркалоо үчүн булардан кыйын кадрлар калбай калганбы? Суроо жаралат дечи. А жообучу?..
Булак: ”Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ