Боршайкомдун мурдагы төрайымы Клара Кабилова (азыр Клара-Гүлнара Самат деп катталат) «Ата Мекен» партиясынын депутаттык мандатынан баш тартты. Бул тууралуу өз булактарына таянуу менен «24. kg» агенттиги жазып чыкты. Ташполот Балтабаев, Талант Узакбаев, афган согушунун катышуучусу Рыспек Мирзаматов, Нургүл Бакировалар 2015-жылы мандаттан баш тартып, арыз жазышкан. Боршайком анда арызды карабастан партиянын катчылыгына кайрып беришкен. Эми «Ата Мекен» фракциясы ошол маселени кайра кароону суранып, Боршайкомго кайрылды. Эгер Боршайком “атамекенчилердин” суранычын канааттандырса, анда кезек Болот Шерге келип, депутаттык мандатка ээ болот.
Булак: ”Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ