Координациялык топтун маалыматы боюнча, Өмүркулов мугалимдер менен жолугуп, аларды “Мекеним Кыргызстанга” добуш берүүгө көндүргөндүгү жөнүндө маалымат социалдык тармактарга жайгаштырылганы боюнча билдирүү түшкөн. Атап айтканда, ал депутаттыкка талапкерлердин курамы “күчтүү, партиянын программасы келечектүү” деп белгилеген. Партиянын программасында мугалимдердин жана дарыгерлердин айлыгын көтөрүү жөнүндө сөз болот. Борбордук шайлоо комиссиясы бул сөздү мыйзам бузуу катары баалады.
Белгилей кетсек, Иса Өмүркулов “Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер, ал партиянын тизмесинде 26-орунда турат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ