«Кыргызстан» фракциясындагы аткезчилик менен кармалган депутат Дамирбек Асылбек уулунун ордуна тизме боюнча кезектеги мандат Руслан Чойбековго ыйгарылды. Жаңы эл өкүлү болгон бу эргул да кадимки алкомагнат Шакинин жек-жаатташкан партиясындагы «кол баласы» экени каңкууланууда. Кызыгы, мурда-кийин мамлекеттик кызматта иштеп көрбөгөн, өмүрүн өңчөй Шакинин жеке менчик «ОсООлоруна» арнаган бу Чойбековуңар парламентке барары менен резюмесин төрага менен Жогорку Кеңештин басма сөз кызматына бере албай буйдалактаган кадамы Акүйдүн ичин бир заматта каптап кетти. Таңгаласың, көпөс Шаршенбек Абдыкеримовдун тыңгылыктуу тажрыйбасы жок ага-тууган, дос-тааныш, куда-сөөк, кыз-кыркындары Акүй менен аткаруу бийлигин качанкыга чейин тебелеп, кадыр-баркына доо кетире беришет? Болду го эми, уялышпайбы? Парламентаризм институтунун «кадырына сийген» Шакинин кийинки тизмедеги депутаттык мандатын саргара күтүп отурушкан өңчөй тууган-урук кадрларынын бет пардаларын ачпасак болбой калды. Анан калса кийинки тизмедегилер да бул курган көпөстүн «кол балдары» экени маалым болду. «Аюу» компаниясында иштегендеринин баарысын депутат кылып, кыргыз элинин төбөсүнө тажрыйбасыз кадрларын чыгара берсе деле үн катпай отура беребизби? Эмесе, жакынкы күндөрү алкомагнаттын келечектеги депутаттарынын баскан издерин тыкыр текшерүүгө алып, коомчулук менен борбордук бийликтин алдына коюп көрөлү.
Булак: ”Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ