Элдин көзү көрөгөч. Эскирген кылмыш иштерин кайрадан көтөрүү менен резонанс деле жарала элек. УКМК болгону Атамбаевге сын айткан, Текебаевди колдогон Каныбек Осмоналиевдин жабылган кылмыш ишин козгоду. Коомчулукта бул көрүнүш саясый куугунтук катары сыпатталууда. А эмне үчүн Тайырбек Сарпашевдин Бакиевдерге караштуу жер аянтчасын «адалдаштыруусу» боюнча сөз болбойт?
Эсиңерден өчпөсө, Сарпашевдин үстүнөн да кылмыш иштери козголуп, чыр-чатак менен кызматынан айдалбады беле? Элементардык эле суроо: «Ата Мекендин» лидерин колдогон Осмоналиевди кысышат да, КСДПнын «арыгын чапкан» Сарпашев унутта калабы? Бул бир гана мисал. Алалабай, адилеттүү түрдө деги качан коррупцияга каршы күрөш жүрөт?
Булак: ”Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ