Menu

Улукбек Ормонов, депутат: Аюу айылындагы мектептин пайдубалы да бүтө элек

Бөлүшүү:

-Улукбек Зулпукарович, өткөн жумада Өзгөндөгү жер көчкү жүргөн айылдарга барып келген турбайсыздарбы. Элдин жашоосу кандай экен, өкмөт тарабынан аларга кандай жардамдар көрсөтүлүп жатыптыр?

– Биз Жогорку Кеңештин токтомунун аткарылышы менен жеринде таанышып келүү максатында төрт депутат Өзгөнгө барып, эл менен жолугушуп келдик. Ынтымак айылына бардык. Ал жерде эл үйлөрдү салып, аракет катуу. Эл жашап, толук кандуу айыл пайда боло баштаган. Ал эми Анакызыл жаңы конушунда мындай көрүнүш көп байкалган жок. Президентгин эсебинен салынган үйлөрдөн башка тамдар жок экен. Эл «там салабыз» деп жерлерди алып, бирок, курбай жаткандыгы – бул өкмөт менен жергиликтүү бийлик иштей турган маселе. Курбу-Таш айылы толугу менен көчкүнүн астында калып калды. Алар айласы жок көчүштү. Бирок, көчкү коркунучу бар деген жерлерден элдин көчпөй жаткандыгы аябай тынчсыздандырат. Өкмөт колунан келгенди жасады. Албетте, мүчүлүштүктөр бар. Бирок, кырсыктын кесепеттерин жоюуга ушундай комплекстүү мамиле болгонун мен көптөн бери көрө элек болчумун. Жаңы конушту жарык, суу менен камсыздап бергени чоң жардам болду. Жабыркагандардын ар бирине 100 миң сомдон каражат таркатылып, үйлөрдүн пайдубалы куюлуп, кичинерээк там болсо тургузганга мүмкүнчүлүк түзүлүп калды.

Ал эми социалдык объектилер боюнча маселе бар. Биринчиси, Ынтымак айылындагы бала бакча менен ФАПтын 2018-жьшдын титулдук баракчасына кирбей калгандыгы. Биз барып көрдүк, аябай көп жаш балдар чуркап жүрүшөт. Бүтүнкү күндө жүздөн ашуун үйдө адамдар жашап атышат. Келечекге бул аябай чоң айыл болот. Мектеп боюнча куруучулар жакшы иштегеп атыптыр. Эл «эми бала бакча менен ФАПты да киргизип берсеңер» деген сураныч айтышты. Жаңы айыл болгондон кийин ички жолдоруна быйыл бюджеттен акча каралган эмес. Жаңы айылдар үчүн бөлүнгөн жерлер мурун айдоо болгон. Жер кыртышы өзгөчө. Эгер биз жардам берип, жолдорду жөнгө салбасак, ал жерде тизеден баткак болот. Жөнгө салуу деген сөзсүз эле асфальттап берүү эмес. Жок дегенде шагылын төгүп, таптап берүү керек. Ошон үчүн 2018-жылга эки жаңы конуштун ички жолдоруна дагы бюджеттен каражат бөлүү зарыл.

Андан соң кырсык болгон Ничке-Сай, Аюу айылдарына барып, эл менен жеринде сүйлөшкөндө мен өзүм күбө болдум. Аюу айылындагы 150 орундуу мектептин пайдубалы да бүтпөптүр. Буларга жанагы эки мектеп менен бирдей акча бөлүнгөн. Бирок, Ынтымак айылындагы курулуштун чатыры жабылып, эшик-терезелери коюлуп калса, бул жерде али пайдубалы да бүтө элек. Ошондуктан, биз кечээ атайын облустук курулуш башкармалыгына комитеттин атынан «Найманкурулуш» фирмасын толук текшерүү боюнча тапшырма бердик.

– Кечеңдеп жатканынын себеби эмнеден экен?

– Алар «акча кечирээк бөлүндү» деп атышат. Бирок, акча бөлүнгөнү факты да. Жогорку Кеңештин кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча токтомунда тендер өткөрүп, «бир айлап күтпөй, түз келишим түзүп, тез башталсын» деген чечимди жазып берген элек. Балким, ошонун айынан ушундай болуп аткандыр…

– «Найманкурулуш» фирмасы мурда ушундай курулуштарды жасап жүргөн ишенимдүү эле фирма бекен?

– Мен аны айталбайм. Биз текшерүү боюнча тапшырманы бердик. Кечээ дагы сурадык, курулушту баштаганда сөзсүз түрдө бөлүнгөн акчага жараша күрөө коюлушу керек. Фирмалар техникасын коёт, башка нерселерин коёт. Айтор, эртең ал фирма жоголуп кетпешин кепилдей турган жолдор бар. Мына ушулардын баарын аныктоо үчүн убакыт бердик. Жооп келген болсо, кийинки комитетте карайбыз.

Булак: ”Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: