Menu

Түркмөнстанда аялдарга суу кийимдерин кийүүгө тыюу салынды

Бөлүшүү:

Түркмөнстанда аялдардын сууга кийүүчү кийимдерин жана чолок шымдарын өлкөгө алып кирип сатууга тыюу салынды.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, учурда жеке дүкөндөрдө тыюу салынганга чейин алынып келген товарлар сатылууда.

“Бажы кызматкерлери суу кийимдерин жана чолок шымдарды алып өтүүгө уруксат бербей жатышат. Күн жылыгандан бери бул товарларга суроо-талап өсүүдө. Бирок бажычылар буга эмне себептен тыюу салынып жатканын түшүндүрүшкөн жок”, – деди “Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы.

Анын айтымында, акыркы жылдарда жай мезгилинде эркектер менен катар аялдар арасында дагы чолок шымдар өлкөдө кеңири колдонула баштаган.

Буга чейин “Түркмөнстан хроникасы” Ашхабадда мекеме-ишканалардын кызматкерлерине тырмак, кирпик өстүрүүгө, чачтарын боёого жана алтын жасалгаларды тагынууга тыюу салынганын кабарлаган. Басылма Түркмөнстадын бажы кызматы ачык боёкторду жана өң кетирүүчү каражаттарды алып кирүүгө бөгөт койгонун жазган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: