Menu

Өздүк курам Жалал-Абад ОИИБ начальниги Акылбек Мамасейитовду көргүсү жок

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Шарипович Жээнбековго

Билдирүү

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Биз Жалал-Абад облустук ИИБ кызматкерлери сизге кайрылуубуздун себеби төмөндөгүчө:

Жалал-Абад облустук ИИБ башчысы А.Мамасейитов жана орун басары Хажиматов Маматазиз, облустук ЖКККБ башчысы Досов Аваз дайындалган күндөн бери өздөрүнүн кесиптик милдетин аткарбастан, жогорку жетекчилик менен тил бириктирип, «кадрдык бизнес» жасап келишет. Бир жылдан бери канчалаган кызматкерлер эч себепсиз иштен алынып жана ротацияланып келүүдө. Эң жаманы «биздин бала», «чоочун адам» деп коллективди бөлүп-жарууда. Мисалы: Жалал-Абад ШИИБ, Сузак РИИБ, Токтогул РИИБ, Тогуз-Торо РИИБ, Сузак ЖКККБ, Базар-Коргон ЖКККБ, Токтогул ЖКККБ, Жалал-Абад шаардык ЖКККБ жетекчилерин жок жерден жалаа жабышып, жумуштан алышып, ордуларына өздөрүнүн балдарын дайындашты. Ошону менен облустук ЖККК бөлүмүнө 35 кызматкерге штат бөлүнүп, эч кандай конкурс болбой эле өздөрүнүн балдарын, жакындарын дайындашканы кандай? Эл арасында ар биринен 3000 доллардан алгандыгы тууралуу сөздөр айтылууда, ушул ырасталабы?

Ошентип, КР өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-ноябрындагы №673 токтому «КР ИИОнын жетектөөчү курамына кызмат орундарына иштөө үчүн конкурс өткөрүү тартиби жөнүндөгү жобосу» одоно бузулганы ачык эле көрүнүп турат.

Эң кызыгы, облустук ИИБ жетекчиси А.Мамасейитов «каерге барсаң бара бер, мен эч кимден коркпойм» деп, орун басары М.Хажиматовго облустук ЖКККБ башчысы А. Досовго «бизге көз караштары терс кызматкерлерди жоготкула» дегени айтылууда. А булар «хоп, болот» деп үй-бүлөсүнө, жашоо шартына карабай, «бөрк ал десе баш алып» жатышпайбы? «Лист согласованиеге кол койбосоң иштен кетесиң. Бул УВД башчысы А.Мамасейитовдун буйругу» деп, кол койгонун да, койбогонун да ротациялап салышкан.

Бул айтылгандар кырктан бири гана, урматтуу Сооронбай Шарипович! Биз ачыкка чыгалбай, КР ички иштер министрлигине кайрылуу жасадык, бир эмес үч жолу, бирок эч кандай жыйынтык болгон жок. Беш-алты кызматкер өз көз караштарын айтты эле, кулак да салып койбоду. Кайрадан ОИИБ башчысы А.Мамасейитов орун басары М.Хажиматов, ЖКККБ башчысы А.Досов күчүнө кирип, билгенин жасап жатышат.

«Мамлекеттик кызматкерлер кыйналбасын, жок дегенде квартирадан жардам берели» деп үй салып берсе, андан да миң, он миң доллардан алышканы сөз болууда, бул ачыкталабы? Облустук ЖКККБга он даана атайын автоунаа сиздер тараптан бөлүнсө, аларды кызматкерлерге 15 миң сомдон акчасын алып бергенин өздөрү айтып жүрүшкөнү кандай?..

Ушул күндөрү Жалал-Абад ОИИБ кызматкерлеринин арасында куугунтуктоо, басмырлоо, өз балдарын дайындоо жүрүп жатат. Биздин байкашыбызча, жетекчиликтин мыйзамсыз чыгарган буйруктары регионализмге көп көңүл бурулууда. Эгер дагы деле ушул жолдорунан кайтпаса, чоң пикир келишпестиктер болушу анык. Себеби, Tуypa эмес жумуштан алынган, туура эмес ротацияланган жана башка кызматкерлердин үй-бүлөсү, туугандары өз көз караштарын билдиришип, жакын арада чара көрүлөрүн айтышууда.

Жетекчиликтин мындай мыйзамсыз жасаган жоруктарын, өзүм билемдик кылганын жалал-абаддыктар «уюшулган уятсыздар» деп атоодо. Ушуга окшогон жетекчилер турганда эч качан ИИМде реформа болбойт да.

Урматтуу Сооронбай Шарипович, ОИИБнин башчысы А.Мамасейитов, орун басары М.Хажиматов жана облустук ЖКККБ башчысы А.Досовду териштирүү учурунда убактылуу болсо да жумушунан четтетип турбасаңыз, кызматкерлерге кысым жасала берет жана жогоруда айтылгандарга ынанасыз.

Урматтуу Сооронбай Шарипович, бул маселени өзүңүз көңүл коюп териштирип берүүңүздү өтүнүп, суранабыз.

Булак: ”Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: