Menu

Аскарбек Шадиев Биринчи вице-премьер-министр кызматынан кетүү боюнча арызын жазды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 6-апрелде КР өкмөтүнүн биринчи вице-премьер-министри Аскарбек Шадиев кызматынан кетүү боюнча арызын премьер-министр Сапар Исаковдун атына жазды.

Ал өзүнүн бул чечимин Жогорку Кеңештен уурдалган 30 миң АКШ доллары боюнча УКМК козгогон кылмыш ишине байланыштырып, тергөө бүткөнчө кызматыман чегине турайын деп түшүндүрдү.

Эсиңиздерге сала кетсек, офиси Санкт-Петербургда жайгашкан КМШ өлкөлөрүнүн парламенттик ассамблеясы КР Жогорку Кеңешинин сунушу менен 2012-жылы эл аралык Чыңгыз Айтматов сыйлыгын уюштурат. Ал сыйлык үчүн 30 миң АКШ долларын кыргыз бюджетинен бөлүп туруу милдетин Жогорку Кеңеш өз мойнуна алат. Ошондон тартып жыл сайын кыргыз бюджетинен берилип келген бул сыйлык 2017-жылы татыктуу талапкер болбогондуктан берилбей үнөмдөлүп калат. Бирок бул сыйлык 2017-жылдын да жана 2018-жылдын да бюджетинде каралган болгондуктан кыргыз чиновниктери 2017-жылы бөлүнүп бирок берилбей калган 30 миң долларды уурдап алууну чечишет.

КР Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коопсуздук жана коргонуу боюнча комитетинин төрагасы Аскарбек Шадиев ошол 30 миң АКШ долларын накталай акча түрүндө өзү жетектеген комитеттин бөлүм башчысы Арсен Закировго бөлүп берүүнү суранып спикер Чыныбай Турсунбековго кат жазат. Спикер эмнегедир акчаны банктан банкка эле которуп жибербестен, Аскарбек Шадиевдин сунушуна каршы болбой, Арсен Закировго накталай колуна 30 миң АКШ долларын карматууга макул болуп, кол коюп берет.

Арсен Закиров 30 миң долларды парламенттин кассасынан колуна алып, Санкт-Петербургдагы парламенттик ассамблеянын кассасына берип жибердим деп жасалма кагаздарды жасап, отчет тапшырат. Бирок ал документтер жасалма экени, 30 миң доллар Санкт-Петербургга жетпегени билинип калып, УКМК Арсен Закировду камакка алат.

Ал камакка алынары менен Аскарбек Шадиев 30 миң доллар көтөрүп келип, Жогорку Кеңештин кассасына тапшырууга аракет кылат, бирок касса албай коёт.

УКМК бул иш боюнча азыр Аскарбек Шадиев менен Чыныбай Турсунбековду суракка алып жатат. Ал эми Чыныбай Турсунбековдун жардамчысы Нурлан Абдыгул уулуна каршы кылмыш иши козголду.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: