Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитетинин кезектеги жыйынында КР Президентинин башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматынан бошотууга макулдук берүү жөнүндөгү сунуштамасы каралды.
Депутаттарды сунуштаманын мазмуну менен Президенттин аппарат жетекчиси Мухаммедкалый Абылгазиев тааныштырды. Анын айтымында, башкы прокурорго өлкөдөгү антикоррупциялык чараларды координациялоо боюнча милдет жүктөлгөн, бирок башкы прокурор тарабынан көрүлгөн коррупцияга каршы күрөшүү боюнча чаралар жетишсиз болду. Ошондон улам, Индира Жолдубаеваны башкы прокурор кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу чечими кабыл алынды.
Жыйынтыгында тармактык комитет КР Конституциясынын 76-беренесинин 2 жана 4-пункттарына ылайык, сунуштаманы карап чыгып, Жогорку Кеӊешке башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматынан бошотууга макулдук берүү сунушун киргизүү чечимине келди.
Андан тышкары, Президенттин Жогорку Кеӊештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев бул маселе боюнча баяндамачы катары белгиленди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ