Menu

Трамп Сириядагы чабуул үчүн Путинди, Орусияны жана Иранды айыптады

Бөлүшүү:

Кошмо Штаттардын президенти Доналд Трамп Сириядагы ыктымал химиялык чабуул үчүн Орусиянын лидери Владимир Путиндин жеке өзүн, Орусияны жана Иранды айыптады.

Ал Дума шаарында ондогон адамдын, анын ичинде аялдардын жана балдардын өмүрүн алган 7-апрелде болгон ыктымал химиялык кол салууну “акылга сыйгыс химиялык чабуул” деп атады.

Ал өзүнүн “Твиттердеги” баракчасына “Орусия менен Иран Айбан Асадды колдогондору үчүн жоопкер. Алар бул үчүн кымбат кун төлөшөт” -деп жазды.

Рим Папасы Франциск жекшембиде Сирияда уулу газдын колдонулушун кескин айыптады. Ал саясий жана аскер лидерлерди жаңжалды тынчтык жол менен чечүүгө чакырды.

Сириядагы оппозициячыл козголоңчулардын карамагындагы акыркы шаар деп саналган Думада ыктымал химиялык чабуул болгонун алгач активисттер жана куткуруучулар маалымдашты. Алардын айтымында, ондогон кишилер курман болду.

“Ак каскачандар” деген аталыш менен таанымал Сирия Жарандык коргоо уюмунун куткаруучулары жана башка активисттер 7-апрелде тик учак уулуу газы бар челектерди асмандан Думаны көздөй таштаганын, мындан улам жай тургундар тумчугуп, дем ала албай калышканын билдиришти.

Ал маалда Москва менен Дамаск бул дооматтарды дароо четке кагышты. Бирок Трамп Асаддын күчтөрү Думага медициналык каражаттарды жеткирүүгө жана Химиялык куралды иликтөө боюнча эл аралык эксперттерди киргизүүгө тоскоолдук жаратып жатканын билдирди.

Евробиримдик да 8-апрелде тараткан билдирүүсүндө “далилдер режим тарабынан дагы химиялык чабуул жасалганын көрсөтүүдө” деп кабарлады. Шаркет режимдин тарапташтары катары Орусия менен Иранды Асадга болгон өз таасирин пайдаланып, мындан аркы химиялык чабуулдарды алдын алууга чакырды.

Иран менен Орусия айтылган айыптоолорду четке кагышууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: