Menu

Баягы эле коорупция

Бөлүшүү:

“Каяка барба Мамайдын көрү» дегендей, каякты караба тааныш-билиш болуп, кол ийрисине тарткан көрүнүш. Туш тарабың коррупция жыттанат. Бул кыргызга тиешелүү оору сыяктуу эле болуп калды. Бийликтегилердин баары эле бизнесин коргоп калыш үчүн самандай сапырылган сары тыйынын чачып, депутат болуп келип алышкандай элес калтырат. Мына ушундай тааныш-билиш аркылуу, жакындарына компаниясын каттатып коюп ар кандай тендерлерге катышып, андан жеңүүчү аталып, миллиондорду сугунуп жүргөндөргө бөгөт койчу мыйзам кабыл алынды. Буга чейин чиновниктин же анын жакындарынын 20 пайыз үлүшү болсо уруксат берилчү. Бүгүнкү күндө коррупцияга бөгөт коюу, коррупция менен күрөш багытында жогорудагы чектөөлөр алынып салынды. Бул мыйзам менен саясий кызматтагы, мамлекеттик кызматтагы, муниципалдык кызматтагы, атайын кызматтагылардын компаниялары тендерлерге катыша алышпайт. Азыркы тапта жогорудагы кызматтагылар эми далбасташып, фирмаларын көңүлү жакын санаалаштарына, жалган тааныштарына кайра каттоодон өткөрүп берип жаткан убагы.

Жогорку Кецештин алтынчы чакырылышынын мурдагы чакырылыштан айырмаланып, жалаң бизнестин битин сыккан байларга толуп алган. Бизнесмен-депутаттардан баш адашат. Баары эле бизнесин коргоп, мамлекет тарабынан өткөрүлчү тендерлерге катышып, аны утуп капчыктарын кампайтсак деген ой менен отурушканын, жылтыраган бетинен бит тайгаланчудай болгон түрлөрүнөн байкоого болот. Бул мыйзам алардын түн уйкусун бузуп, миллиондогон каражаттардан куржалак калтыра турган болду. Мисал келтире турган болсок, жылына ЖЭБге көмүр тендери өткөрүлөт. Ошол тендерлерге төмөндөгү көмүр королдорунун компаниялары катышып, жеңишке жетишип жүрүшөт. Алсак, Автандил Кулбараковго ЖЭБди көмүр менен камсыз кылып жаткан “Демилге плюс ЛТД” компаниясы, андан тышкары кен казуучу “АБЭ банте” ЖЧКсы тиешелүү делип жүрөт. Дагы бир көмүр королу “Беш-Сары” деген ат менен таанымал ЖЧК кадимки депутат Камчыбек Жолдошбаевдин кызына катталган. Абдыкапар Султановдун да “Тегене” деген ЖЧКсы көмүр боюнча тендерлерге катышып жүрөт. Анан ушундай үлкөндөр катышкан тендерди жөнөкөй бирөө утаарына ким ишенсин?! Дагы бир бизнесмен-депутат Аскарбек Шадиев бүгүнкү күнгө чейин “Карвен групп” деген ЖЧКнын түзүүчүлөрүнүн бири экен. Анын бир тууганы Шадиев Махамат да жогорудагы көмүр королдору сыяктуу, көмүр казган “Табылгы Долоно” ЖЧКсынын ээси болуп эсептелет. «Айболит» депутат же Осмонбек Артыкбаевге жана анын жакындарына тиешелүү делген “Неман Фарм” компаниясы анын аялына катталган. Парламенттеги жыгач королдорунун сап башында Нурбек Алимбеков турат. Ага тиешелүү делген “Папан курулуш” ЖЧКсын жубайы иштетет. Жогорудагы эл өкүлдөрүнүн бир тобу мамлекеттик тендерлерге катышып жүрүшөт. Эми кантишээр экен?

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: