Чүй облусуна караштуу Панфилов районунда 1981-жылы туулган Андрей Радионов изделүүдө. Бул тууралуу анын туугандары журналисттерге бүгүн кайрылды.
Алардын айтымында, 38 жаштагы А.Радионов 4 айдан бери дайынсыз. Ал ушул жылдын 13-августунда Панфилов районундагы Орто-Суу айылына жакын капчыгайга: “бал челек кармап иштейм”,- деп кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. 198 см Андрей бүкүрөйүп басат, анын оң кашында тырыгы бар.
А.Радионовду көргөн-билгендер болсо, төмөнкү номурларга байланышып коюңуздар: 102, 0557 08-03-83, 0551 19-02-48, 0559 90-80-48.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ