Жогорку Кеӊештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Мамлекеттик салык кызматы баштаган бир катар мамлекеттик органдар менен мекемелердин онлайн режиминде маалыматтарды берүү усулу менен кассалык-көзөмөл машиналарын (ККМ) колдонуу боюнча маалыматы угулду. Бул тууралу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.
Жыйында фискалдык тутумдагы жана салык чогултуу тармагындагы ачык-айкындуулукту камсыздоо менен каржылык мыйзам бузуулардын алдын алуу максатында бир катар соода-өндүрүш мекемелерине киргизилип жаткан кассалык-көзөмөл машиналарынын иштөө багыты жана алардын наркы талкууга алынды.
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Октябрь Абдыкаимов белгилегендей, Кыргызстан боюнча кассалык-көзөмөл машиналарын кырк миӊдей мекемеге киргизүү пландаштырылган, ага карабастан, азыр аны жыйырма бир миӊге чукул ири жана орто ишкерчилик менен алектенген мекеме аталган машиналарды колдонот.
Андан тышкары, кассалык-көзөмөл машиналарынын наркы иштөө багытына жараша 11 миӊ сомдон 31 миӊ сомго чейин турары белгилүү болду. Ошондон улам, депутат Экмат Байбакпаев аталган фискалдык машиналарды ишкерлерге бекер таратуу аркылуу экономика чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларды азайтууга болорун белгилеп, Өкмөттү бул маселеге көӊүл бурууга чакырды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ