Тажикстандын Аймактарды өнүктүрүү комитети жамааттардын төрагалары үчүн альтернативдүү негизде шайлоо өткөрүүнү сунуштоодо. Комитет мындай демилге менен айыл-кыштактардагы көптөгөн маселелерди чечүүгө мүмкүн болорун билдирет.
Учурда Тажикстанда жамаат төрагалары өкмөттүн сунушу менен шайланат. Жаңы демилге боюнча альтернативдүү талапкерлерди дагы жылдырып, алардын ичинен татыктуусун тандап алуу каралууда.
Аймактарды өнүктүрүү комитети бул боюнча коңшу өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын тажрыйбасын иликтөө зарылдыгын белгилешет.
Учурда Тажикстанда 370 жамаат жана 60 шаарча бар.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ