Menu

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов обсервацияда иштеген медициналык кызматкерлердин коронавирусту жуктуруп алышынын болжолдуу версиясын айтты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 22-апрелде Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов онлайн-брифингде шаардагы жасалып жаткан иш-аракеттер тууралуу маалымат берип, журналисттердин айрым суроолоруна жооп берди.

– Буга чейин шаарда коронавирус жуктуруп алган дарыгерлер “Черемушкидеги обсервацияда алгач талаптар сакталбагандыктан ушул жерде жуктурдук. Мэрдин буйругуна карабай, ал жер даяр эмес болчу” деп айтып чыгышты. Обсервацияларды даярдоо кимдин жоопкерчилигинде болчу? Медициналык кызматкерлердин вирусту жуктуруп алышына жергиликтүү бийликтин канчалык жоопкерчилиги каралган?

–  Бул боюнча Кытайдын Ухань шаарынан коронавирус илдети чыккандан баштап, дүйнө жүзү боюнча илдетти алдын алуу боюнча бир топ иштерди жүргүзүштү. Анын ичинде биздин өлкөдө дагы президентибиз өзү башында туруп, бир топ жолу жыйындарды өткөзүлүп, тапшырмалар берилип, анын ичинде Ош шаарында дагы атайын координациялык кеңешмеде карап, медицина кызматкерлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, сүйлөшүүлөр болгон. Врачтар атайын онлайн окуудан өтүшкөн. Врачтарга жардамдар мэрия тарабынан дагы берилген. Врачтардын коопсуздугуна көңүл буруп, коомдук тарнспортторго түшпөсүн деп, атайын кичи автобустарды бөлүп бергенбиз. Эми обсервацияда жаткан адамдарды каттап жатып, ошол жерден жуктурган деген тыянак чыгып жатат. Муну дагы комиссия толугу менен иштеп чыкса, дагы маалымат беребиз. Укук коргоо органдары териштирип жатат, кимде күнөө болсо, жооп берет.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 73 = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: