Menu

Элди суктанткандар эми окшуйбу?

Бөлүшүү:

Тээ илгерки шахтерлор, бригадирлер, элеттен чыккан эрлер жетилгенде эл башкарып, ак эмгеги менен оозго алынып жүргөнүн азыркы балдар билбей деле калышты. Маселен эки ирет Социалисттик Эмгектин Баатыры болгон койчу Таштанбек Акматов жергебизге  кайра куруу мезгили келгенде  Жогорку Советтин  төрагасынын тактысында отурган.  Азыр болсо топозчулуктун  жаагын айрыган кези. Антсе да алардын орду бар, мамлекеттин ырыскысына кол салган эмес. Ошондуктан тарыхтан такыр жоголбойт. А бирок, Икрам, Нариман, Бабанов дегендердин ысымын  жаштар укса көпкө чейин аңкайып туруп каларын байкайсың.  Негизи миллионер, олигарх  дегендин кумары өзгөчө болорун деле тана албайбыз да?

Бийликти өмүр боюу мыкчып турууга шарт жок турбайбы?  Падышасы кетсе жандоочтору кошо сүрүлүп  “бөксө тоосунан” ылдый карай кулаганын көрүп жатпайлыбы? Кечээ эле Икрамдын кабинетинин эшигин сагаалап тургандар бүгүн башканыкын байырлап калышты десек мунун калпы болбойт. Аттиң, ооматың колдон жылмышса сени коколоп, келекелеп, жамандап койчулар четтен чыгаары калетсиз.  Раи качыптыр, Икрам болсо байлыгын тажиктер тарапка ташып жатыптыр, Исраиловдун  анчалык байлыгы деле жок экен деген кептер кулактын кужурун жейт. Айтор, мурда элди байлыгы менен суктанткандар эми окшуй баштаарына аз калды окшойт. Демек, акчанын кулу болбогула, көп чогултуп алсаңар кесепети өз башыңарга тиет демекчибиз.

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 + = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: